Биз менен байланышыңыз

Ак-Өргө конушунун 16 миңдей жашоочусуна газ берилди

Коом | 26 Сен 2018 | 1137 | 0

Бишкек шаарындагы Ак-Өргө жаңы конушундагы 3 миңден ашык турак үйлөр “Газпром Кыргызстан” компаниясы аркылуу газ системасына кошулууга мүмкүнчүлүк алышты. Натыйжада 16 миң жашоочу эми көгүлтүр отту колдоно алышат. Эми Ленин району боюнча октябрдын аягына чейин Ак-Ордо конушунда да толугу менен газ системасы орнотулат.

Нурила айымдын үй-бүлөсү 30 жылдан бери Ак-Өргө конушунда жашап келишет. Башында келгенде суу да, электр энергиясы да жок болсо, эми көптөн күткөн көгүлтүр от дагы келип, кубанычында чек жок. Айрыкча кыш мезгилинде конуштун баары отун, көмүр жаккандыктан, аба булганып жатканын сезип келген.

-Өзгөчө кышында көйгөй жаралып келген. Электр энергия көп иштетилчү. Тамак-аш, үйдү жылытканга баары электр энергияны иштетип, жарыктын кубаты да аз эле. Эми буйруса быйыл жакшы болот го деп ойлойбуз.

“Газпром Кыргызстан” компаниясынын жардамы менен эми 16 миң жашоочу жаратылыш газы менен камсыз болот. Ак-Өргө конушунун тургуну Зыйнат Алтыкеева газдын келиши күнүмдүк тиричиликти жеңилдетете турганын белгилейт. Газ баллон ташып келгенден коркуп жашап келген тургундар эми оңой болот деп үмүт кылышууда.

-Газ келгенге чейин өзүбүз ташып келип жатканбыз. Улам түгөнгөн сайын алып келип, көп убара болчубуз. Эми системаны орноштурушса бизге да жакшы болот.

Ленин району боюнча эмки кезек Ак-Ордо конушунда. Район акими Нурдин Тынаевдин айтымында октябрдын аягына чейин Ак-Ордого алып келүү пландаштырылган.

-Жумуштун биринчи этабы менен биринчи 150 үйгө газ киргизилди. Ушул жылдын аягына чейин Газпром тарабынан 3300 үйгө газ киргизилет. Ошондой эле, Ак-Өргө, Ак-Ордо, Ала-Тоо конуштарында жылдын аягына чейин киргизилет деп пландаштырып жатабыз.

2016-2017-жылдын жыйынтыгы менен “Газпром Кыргызстан” компаниясы тарабынан 400 чакырымдай газ өткөргүчтөр курулуп, 20 миңдей турак-жайды камтыган 160 миң абонент газга кошулуу мүмкүнкүнчүлүгүн алды. Компаниянын капиталдык курулуш бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Адилет Жумабековдун айтымында башкы схема боюнча Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Чүй облусу каралган.

-Өлкө аймагы боюнча башкы схема боюнча Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Чүй облусу каралган. Анын негизинде техникалык мүмкүнчүлүк болгон жерлерге жеткирип жатабыз. Өзгөчө жаңы конуштарга. Акырындык менен Ош, Жалал-Абад шаарларына жылып жатабыз.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн 30%ы жаратылыш газы менен камсыз болгон. Ал эми “Газпром Кыргызстан” компаниясынын стратегиялык тапшырмасы 2030-жылга чейин 30%ды 60%га чыгаруу болуп эсептелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM