Биз менен байланышыңыз

«СМУ-3түн» ийгилик сыры эмнеде?

Саясат | 20 Сен 2018 | 956 | 0

Мамлекеттик тарых музейин оңдогон, Чолпон-Атадагы ипподромду курган «СМУ-3» компаниясынын тарых-таржымалы, анын ийгилик сыры көпчүлүктүн кызыгуусун арттырууда.

«СМУ-3тү» текшерүү сунушу

«СМУ-3» компаниясы Мамлекеттик тарых музейинин ичин оңдоо үчүн арыз берген алты компаниянын арасынан тандалып алынган. Маалымат боюнча Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба агенттигинин алдындагы Турак жай, жарандык курулуш департаменти менен «СМУ-3түн» ортосунда жалпы 1 млрд 569 миң 400 сомдук келишим түзүлгөн. Атайын кызмат музейди реконструкциялоо ишинде 118 млн 200 миң сомдон ашык каражат мыйзамсыз пайдаланылганын аныктаган.

Андан тышкары тарых музейинен сыйрылып алынган кымбат балуу мрамор жана гранит таштардын дайын-дареги суроо жаратууда. «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов ушул маселени көтөрүп, «дегиле «СМУ-3» компаниясы эмне болгон ишкана?» деген суроону койду.

— Музейдин тепкичтеринде мрамор, чоң-чоң таштар болгон. Алар кайда? Эмне үчүн аны «СМУ-3» алып кетет? Эмнеге эле сыйлыкты дагы «СМУ-3» алат, мамлекеттик буйрутмаларды дагы «СМУ-3» алат? Таштарды дагы «СМУ-3» кеңсесине алып барып коюп алган да. Эмнеге «СМУ-3»? Бул кайдан чыккан «СМУ-3» ушуну иликтегиле деп жатабыз.

Ири долбоорлордон куру калбаган компания

«СМУ-3» компаниясынын сайтына үңүлсөк анда ишкана 1965-жылы эле түптөлгөнү жазылган. Юстиция министрлигиндеги маалыматта болсо 2003-жылы катталганы көрсөтүлгөн. Компания тарых музейинен башка бир катар мамлекеттик чоң-чоң долбоорлорду утуп алган. Ал Бишкекке жакын Орто-Сай конушуна узундугу 75 метрге жеткен желекти 7-8 млн сомго, Ала-Тоо аянтындагы «Манастын» эстелигин 28 млн сомго жасаган. Ошондой эле чуусу тарых музейинен ашса-ашып түшкөн бирок кем калбаган Чолпон-Атадагы ат майданын 1,5 млрд сомго курган.

Миллиондогон каражаттар жумшалган мамлекеттик долбоорлорду уткан «СМУ-3» компаниясынын ийгилик сыры эмнеде деп кызыккандар көп. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев «СМУ-3түн» ири долбоорлорду атаандашсыз эле илип кетишинин артында таасирдүү адамдар турат дейт.

— Бул компаниянын үстүндө бир адамдар турат. Мисалы конкурс болсо аны утуш кыйын. Атаандаштык күчтүү. Тарых музейи боюнча болсо комиссия конкурс жарыялап туруп эле бир күндө «СМУ-3тү» жеңүүчү кылып коюшкан. Бул компанияны үстүнөн көзөмөлдөгөн сөзсүз таасирдүү киши турат. Анткени ишкана тендерлерди жөндөн-жөн эле утуп чыга бербейт. Муну буйрутма деп койсок болот. Башка ишканаларга бербейт, ушул гана утуш керек дегендей.

«СМУ-3» тарых музейин оңдоп, Чолпон-Атадагы ипподромду салып эле тим болбостон Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине деп салынган бир катар үйлөрдү дагы курган. Бул компаниянын аты 2015-жылы «Ала-Тоо» жаңы конушунда Казакстандын каражатына салынган мектеп чырына дагы аралашкан. Аталган билим берүү мекемесинде бир нече ишкана иштеп, акыры курулуш ишин «СМУ-3» бүтүргөн. Бирок мектеп көп өтпөй бузула баштаган.

«СМУ-3» ишканасынын жообу

Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев «СМУ-3» компаниясынын көп долбоорлорду утуп алышын мындайча түшүндүрдү.

— Бул компаниянын базасы чоң. Кээде курулушка бюджеттен акча каралбай калганда алар өз каражатына салып кете берет. Ипподром жана тарых музейи стратегиялык мекемелер болгондуктан алардын ишин кыска аралыкта бүтүрүш керек болчу. Комиссия ошондуктан ушул компанияны тандашкан болуш керек деп ойлойм.

Ал эми «СМУ-3» компаниясынын коммерциялык иштер боюнча орун басары Нурзамат Жайкешов аталган компания учурда «Азат» корпорациясынын курамында турарын айтты. Ал «СМУ-3» 1977-жылы түзүлгөнүн, 2017-жылы 40 жылдыгы белгиленип бул жылдар аралыгында жалпы 700 млн чарчы метр үй курушканын кабарлады. Компания алардын артында жогорку кызматта отурган адамдар бар деген сөздөрдү четке кагат. Нурзамат Жайкешов ишкананын ири долбоорлорду утуп алышын жеке мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштырып, кээде тендерден куру жалак калган учурлар бар экенин айтууда.

— «СМУ-3» алдыда турган курулуш компания. Биздин эң чоң материалдык-техникалык базабыз бар. 100дөн ашык техникабыз жана өзүбүз иштете алчу каражатыбыз бар. Ошон үчүн биз буйрутма алып акчаны күтпөй туруп эле өзүбүздүн каражат менен жумушту бутүрө берсек болот. Биз мамлекеттик сатып алуулар порталынан каттоодон өткөнбүз. Тендерлерге башка компаниялардай болуп эле катышабыз. Маалымат алгандан кийин арыз беребиз, биздин сунуш өтсө иштейбиз. Башка ишканалар сыяктуу эле көп конкурска катышабыз, көбүнөн утулуп калабыз.

«СМУ-3» өзүн Германия, Франция, Казакстан, Орусия, Кытай, Түркия жана Америка сындуу мамлекеттердин курулуш компаниялары менен иштешкен Кыргызстандагы бирден-бир ишкана деп атайт. Алар курган мамлекеттик ири курулуштар өлкөнүн маданиятынын жана туризмдин өнүгүшүнө салым кошуп жатат деп эсептешет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM