Биз менен байланышыңыз

15-сентябрдагы ишембиликте 8 миң тонна таштанды чогултулду

Коом | 18 Сен 2018 | 888 | 0

15-сентябрда өткөн ишембиликте Кыргызстан 157 мамлекеттин ичинен катышуу боюнча биринчи орунга чыкты. Анда жалпы калктын 7% катышып, 8 миң тоннадай таштанды чогултулду. Активисттердин айтымында алардын жарымы пластик, төрттөн бири айнек жана 25% башка таштанды болгон.

Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата өткөн ишембиликте Кыргызстан боюнча 8 миң тонна таштанды тазаланды. Бул туурасында иш-чаранын уюштуручулары “Эко Деми” коомдук фонду билдирди. «Ишембиликке өлкө боюнча 400миң киши катышып, 90дой аймак тазаланды»,- дейт фонддун өкүлү Гүлбарчын Сүйүнова.

8 млн кг таштанды чыгардык. Анын арасында пластик, айнек таштандылар да бар. Биздин көрсөткүч боюнча жалпы калктын 7% катышты. Бул жакшы көрсөткүч. Анткени биз  5-10% арасында болсо, калктын аң сезими өзгөргөн болот деп максат кылганбыз.

Мындай ишембилик Let`s do it World экологиялык кыймылы менен 157 мамлекетте өткөн. Алар ошол мамлекеттердин баарына байкоо салып, мониториг жасашкан. Натыйжасында калктын 7% катышуусу менен Кыргызстан эң активдүү өлкө аталган. Бул туурасында кыймылдын өкүлү Пол Эммет айтат.

Дүйнөнү тазалоо иштерине активдүү катышканыңыздар үчүн ыраазычылык. Мен Таллинде жашайм. Иш-чарага байкоо салдык. Менин таң калганым Кыргызстан активдүү катышты. 157 өлкөнүн ичинен биринчи орунга чыкты. Бул үчүн ар бир катышуучуга, мамлекет башчыга, акцияны уюштургандарга ыраазычылык билдирем.

Ишембиликке өлкө башчы баш болуп, бир катар бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер да активдүү катышып берген. “Эко Деми” фондунун билдиришинче бул иш-чарага даярдык январь айынан башталган. «Эми апрель айындагы жер күнүнө карата дагы чоң иш-чара уюштуруунун алдында турабыз»,- дейт фонддун төрайымы Айжан Чыныбаева.

Бул күн бардыгыбызды бириктирди. Жаштар, мамлекеттик кызматкерлер, дин кызматкерлери баары тазалыкка үндөп жатты. Балким азыр 7% гана. Бирок келечекте бул көрсөткүч көбөйөт деп ишенебиз. Буйруса 2019-жылы жер күнүнө карата да чоң иш-чара уюштурабыз.

“Бүткүл дүйнөлүк тазалык” күнү алгачкы жолу Эстонияда 2008-жылдан бери белгиленип келет. Акция дүйнөдөгү экологиялык маселелерди жоюуга багытталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM