Биз менен байланышыңыз

Жетим-Дөбө: Эл суунун азабынан айылдан кача башташты

Айылдан сүйлөйбүз | 19 Сен 2018 | 3060 | 0

«Марал» радиосунун «Айылдан сүйлөйбүз» программасынын бул жолку чыгарылышында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Жетим-Дөбө айылынын көйгөйлүү маселелеринин абалы тууралуу кеп кылдык. Уктурууну Түмөнбай Абдинаби уулу алып барды.

Жергиликтүү тургун Икрам Сапарбаев бизге жазган катында: “Биздин айылда СССР таркагандан бери таза суу жок. Эл сайда аккан ылай суунун үстүнө 3 кашык уйдун сүтүн кошуп, тунутуп пайдаланышат. Малдар менен аралашып суу ичип жүрөбүз. Жаан жааган күндөрү кашыкка да суу топтошот. Бул маселени чечүү үчүн көп жерге кайрылсак дагы жыйынтык болгон жок. Президенттик шайлоо убагында Соорнобай Жээнбековго дагы айтылган. Бирок жооп жок. Эң кызыгы эл суунун айынан айылдан кача башташты. Кийинки жашоо кандай болот билбейм” деп кайрылган. Мындан улам айылдын башка жашоочуларынын көйгөйүн угуп көрдүк.

Жетим-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы Салмоор мырза:

— Биздин айылда 3 миңге жакын калк жашайт. 350дөй мектеп окуучусу бар. 1977-жылдары аймакта суу болгон, ал убакта биз жаш элек. Кийинчерээк СССР таркаган соң таза суусуз калдык. Эл оор шартта жашайт. Айтор, жашообуз таза суу жок эле өтүп жатат. Идиш-аяк жууш үчүн сайдын суусун пайдаланабыз. Ал эми ичкени кошуна айылдардан ташыйбыз. Кээде зарыл болуп калганда ылай сууну ичүүгө туура келет.

Айыл тургуну Макен мырза:

— 1977-жылы чарба комплексине алынып келинген суу бар болчу. Биз ошону пайдаланат элек. Азыр ал суу келбейт. Өзүбүз аракет кылган менен болбой жатат. Себеби суунун жолуна жыл сайын көчкү түшөт. Жаңы долбоор менен Түшүнүк деген айылдан суу келмек, эми ошону күтүп жатабыз. Сайдан шор суу агат, бирок аны ичкенге болбойт. Тургундар 6 км алыстыктан суу ташып ичишет. Айыл өкмөткө кайрылсак тендер жарыяланганын айткан. Бирок азырынчы иш баштала элек. Алардын да шартын түшүнсө болот. Себеби тендерди уткан компанияга баш ийишет. Биздин эл толеранттуу болгондуктан кыйналса да эч жакка арызданбай күтүп отурат.  

Айыл жашоочусу Бактыкан айым:

— Бул айылга келгениме 38 жыл болду. Ошол учурдан бери эле таза суу маселеси өтө оор. Кар суу ичип, жаандын суусун тосуп алып пайдаланабыз. Натыйжада балдарда жугуштуу оорулар пайда болуп жатат. Жугуштуу оорулар боюнча Жетим-Дөбө айылы Кара-Кулжа районунда биринчи орунда турат. Жаш өспүрүмдөрдүн арасында да, чоңдордун ичинде дагы сарык менен жабыркагандар арбын. Көчкү, сел жүрсө түтүктөрдүн барын агызып кетет, баягыдай эле суусуз калабыз. Ошондой эле сугат суу такыр келбейт. Мындан улам короого жашылча жемиштерди өстүрө албайбыз. Сууга бай Кыргызстанда турсак дагы сууга жардыбыз. Азыр эми суу ташыган унаалар 40 литрдей сууну 25 сомго сатат. Суусуз тиричилик өтпөйт. Кырк литр суу эч нерсеге жетпейт. Жыйынтыктап айтканда пенсионерлердин акчасынын тең жарымы суу сатып алууга кетет.

2015-жылы биздин айыл өкмөттө долбоор жазылган. Арадан 3 жыл өтсө да ишке ашпай жатат. Болбосо өздүк салым деп ар бир түтүн 4 миң сомдон каражат чогултуп бергенбиз. Ага дагы быйыл 3 жылдын жүзү болду. Орточо эсеп менен 600дөй түтүн бар. Кайда барбайлы “долбоор өткөн, иш башталат” деген жооп алабыз. Сугат жер жок болгондуктан киреше булагыбыз жок. Жаштар жумуштун жоктугунан талаа-түзгө кетип, айылда кары-картаңдар калган.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Эрнис Сапарбаев:

— Таза суу маселесин чечүүдө жогору жакта иштегендер бизди көзөмөлдөп, колдоп койсо болмок. Айылдык кеңештин депутаты катары президент Сооронбай Жээнбековго, ЖКнын депутаттарына дагы кайрылгам. Айыл тургындарынын атынан дагы кат менен кайрылдык. Бирок жообун алган жокпуз. 2015-жылы жазылган долбоор ушул күнгө чейин аткарылбай кечиктирилип келет. Эгер долбоор ишке ашканда 5 айыл таза суу менен камсыз болмок, 6 миңден ашуун жаран таза суу ичип калмак. Суунун жоктугунан жугуштуу оорулар менен жабыркагандар көп.

Жетим-Дөбө айылынын башчы Ысмайыл мырза:

— Аталган айыл таза суу боюнча долбоорго кирген. Райондук адмнистрацияга кайрылсак дагы иштер 3 жылдан бери аткарылбай келет. Жогорку бийлик чечип берсе эле ишке аша турган маселе болуп турат. Чечип берсе дегенде, каражат менен уруксат жагы башкы маселе болуп жатат. Өздүк салым чогултулуп, тендер өтсө дагы иш токтоп турат. Бул маселени бийлик башындагылар чече албай жатат окшойт.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаментинин директору Аскарбек Токтошев:

—  Мурунку долбоорлорду ишке ашырууда каражат чогултуулар болуп көп жерлерде чөнтөккө кирип кеткен. Жаңы долбоордо мурункудай акча топтоолор болбойт. Алар тышкы инвесторлордун эсебинен ишке ашып жатат. Жетим-Дөбө айылы дагы жаңы долбоорго кирүүдө. Мындан сырткары, өлкө башчы Кытайга барып келгенде 100 млн доллар чечилген. Ал каражатка Жетим-Дөбө сыяктуу майда айылдарды дагы долбоорго киргиздик. Жетим-Дөбө долбоордун III этабына кирген. Президенттин тапшырмасына ылайык, 2024-жылга чейин бардык айылдар таза суу менен камсыз боулушу керек. Таза сууга муктаж болгон 653 айыл бар. Долбоорду ишке ашырууда акча чогултуулар мыйзамсыз. Буга чейин чогулуп калган акчаларды суу түтүктөрүн короого киргизүүдө пайдалангыла деген сунуш берип жатабыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM