Биз менен байланышыңыз

Президент ишкерлерге бут тоскондорго колун кезеди

Экономика | 17 Сен 2018 | 1675 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 17-сентябрда бизнес-ассоциациялар менен жолугуп, ишкерлерге бут тоскон мамлекеттик кызматкерлер катуу жазаланарын убада кылды.

Ишкерлер менен болгон жолугушууга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жана бир катар чиновниктер катышты. Жыйында Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев ишкерлер кандай көйгөйлөргө көп туушугары боюнча жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялады.

— Сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча 1-орунда коррупция турат. Сурамжылоого катышкандардын 65 пайызы дал ушул маселени айтышкан. 51 пайызы мамлекет тарабынан жеке менчикти коргоо кепилдигинин жоктугун билдиришкен. 40 пайызын ар кандай социалдык төлөмдөр тынчсыздандырат. Ал эми 39 пайызы бизнесин өнүктүрүүгө жеке каражатынын жетишсиздиги менен адистердин таңкыстыгын белгилешкен.

Сот системасына дагы көп дооматтар айтылды. Маселен 2017-жылы салык боюнча 137 арыз сотто каралса анын 86 пайызы мамлекеттин пайдасына чыгарылган. Дегиле ишкерлердин укук коргоо органдарына болгон нааразычылыгы күч. Эл аралык ишкердик кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков текшерүүлөрдүн көптүгүнө арызданган ишкерлер арбын экенин айтат.

— «Укук коргоо органдары кошумча төлөмдөрдү төлөөгө мажбурлап жатат» деп бизге келип кайрылып, даттангандар көп. Мындай арыздануулар көбүнчө Башкы прокуратурага, Финансы полициясына, Салык кызматына айтылат. Бул органдар балким бюджетти толтурабыз деп иштеп жатышкандыр. Ооба, бюджетти толтуруш керек. Ал жакшы. Бирок биз узак мөөнөттүү иш алып барып, келечекти дагы ойлошубуз керек.

Бизнес коомчулугуна жардам берүүнүн ордуна алардын ишине кийлигишкен мамлекеттик органдарды президент Сооронбай Жээнбеков да сынга алды. Ал айрым ишкерлер ашыкча текшерүүнүн айынан бизнесин токтотуп же сыртка алып чыгып кетип жатканы боюнча маалыматтары бар экенин жана бизнеске бут тоскон адамдарга катуу чара көрүлөрүн убада кылды.

— Кудай буюрса бизнеске болгон тоскоолдуктарды алып салабыз. Ошол органдардын баарына чара көрөбүз. Коопсуздук кеңешинде дагы айттым мына Дамир Сагынбаев (ред: Коопсуздук кеңешинин катчысы) отурат. Бизнеске тоскоол болгон адамдар иштен кетиш керек, кайра текшерүү органдарына ишке келбеши керек. Бул салыкчы болобу, бажы кызматкери болобу же укук коргоо органдарынын кайсы гана кызматында иштебесин аларга тиешелүү. Жоопкерчилик болуш керек.
Жасадыңбы анда жооп бериш керек.

40ка жакын ишкерлер катышкан талкууда ар ким өз тармагындагы маселелерди алып чыгышты. Арасында айыл чарба, курулуш, жеңил өнөр жай, туризм, тоо кен багытындагы көйгөйлөр бар. Программдык камсыздоону иштеп чыгуу компаниялардын бирикмесинин төрагасы Азиз Абакиров кыргызстандыктарды интернет менен соода кылуунун сырын үйрөнүүгө чакырды.

— Кыргызстанда жашап туруп интернет аркылуу Америка менен түздөн-түз иштеп жатабыз. Биз Кыргызстанда нефти, газ жок, деңизге чыга албайбыз деп айтабыз. Бизде деңизге жол жок болсо дагы интернет деген океан болуп калды. Учурда өлкөгө программисттер жетишсиз, адистерге муктажбыз. Жогорку технологиялык паркта азыр 44 компания бар. Анда 450 киши иштейт.

Сооронбай Жээнбеков ишкерлерге түзүлгөн жеңилдиктерге дагы токтолду. Ага мисал катары жаңы түзүлгөн бизнести текшерүүгө киргизилген 3 жылдык мораторий, кепилдик фонддун түзүлүшү, жеке ишкерлердин камсыздандыруу төлөмдөрү 27 пайыздан 12 пайызга төмөндөтүлгөнүн айтты. Ошондой эле өкмөттүн тез-тез алмашышы бизнеске кедергисин тийгизип жатканын жана учурдагы өкмөт туруктуу иштей турганын билдирди.

— Буга чейин эмне үчүн чечиле турчу маселелердин көбү чечилген эмес? Ачык айтыш керек ошол эле министрдин, жетекчинин, премьер-министрлердин тез алмашканында болуп жатат. Акыркы беш жылда эле канча өкмөт алмашты? Алар деген өнүгүүгө иштебейт да. Эртең кетип калам дейт дагы маселелерди чечпей жатат. Буюрса мен өкмөткө, парламентке дагы айтып жатам өкмөт туруктуу иштейт, шайлоо өз убагында болот. Ошон үчүн алдыга койгон милдетти, талаптарды аткаргыла.

Жыйынтыгында мамлекет башчы Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин алдында Өнөр жайды жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча комитет түзүлөрүн кабарлады. Мындан ары дагы бизнес чөйрөсү менен жолугуп турарын, ошол эле учурда ишкерлерди дагы калыстык менен салыкты төлөөгө чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM