Биз менен байланышыңыз

Замир Арыкбаев: чыгармачыл адамдар башка багытты да бат өздөштүрүп кетишет

Марал шоу | 21 Авг 2018 | 2220 | 0

Бир кезде “Кудача кыз” ыры менен белгилүү болгон ырчы Замир Арыкбаев бизде конокто болду. Ал чыгармачылыктагы жаңылыктарын айтып, өзүнүн чыгармаларынан да аткарып берди.

—  Замир мырза, жай мезгили артта калды. Берекелүүкуз айларына да кирип келдик. Айтсаныз, жайды кандай өткөрдүңүз?

— Жылдан жыл өткөн сайын убакыттын канат кагып, шуулдап бат өтүп жаткандыгы байкалып жатат. Жаз келсе күз келет, күз келсе кыш келет, тез эле өтүп кетип жатат. Жай деле көз ирмемдей өтүп кетти. Мурункуга салыштырмалуу убакыт абдан бат өтүп жатат. Анткени  телефон, интернет булар адамзаттын убакытын алып коё турган заманда жашап жатабыз. Бир  саатың эки мүнөткө, бир күнүң жарым күнгө, бир жумаң бир күнгө тете сыяктуу өтүп жатат.

— Акыркы убакта убактарда көрүнбөй калдыңыз? Кайсы бир жылдары катуу чыктыңыз эле. Азыркы учурда негедир эс алып жаткандайсыз.

—   Чыгармачылыкта ырчыларда ушундай болуп турат. Анткени ортодо ырчынын өзүнө билинбеши мүмкүн, бирок элге сезилет. Бирок бул нерсени ырчы деле сезет кандайдыр бир деңгээлде. Себеби клиптер тартылбай калды, бул нерсе себеп болушу мүмкүн. Азыр элдер телефонду, интернетти караганда клиптер көп чыгып жатат, а биз болсо клип тарткан жокпуз. Ошондуктан көрүнбөй калдык, элдердин эсинен унутула түштүк окшойт. Радиолордон деле ырларыбызды берип жатабыз, эми чынын айтыш керек чыгармачылыгыбыз бираз солгундай түштү. Бирок азыр кайра аракет кылып жатабыз. Кудай буюрса, жаңы чыгармалардын үстүнөн иштеп жатабыз. Чындыгында маселени кабыргасынан койдуңар, көрүнбөй кеттиңер деп. Ооба алыстай түштүк (күлүп).

— Жакшы чыгармаларыңыздын катарын толуктаган “Той мына бүгүн” чыгармаңыздан кийин тойго чакыруулар арбыды болуш керек.

—   Бул ырды ырдап чыккандан кийин эл тараптан көбүн эсе  чакыруулар байкалды. Ыр эгерде мурдагыдай болуп радиолордон чыкканда бул ырдын күүсү күчтүү болмок.

—  Азыркы тапта ырчылар той форматындагы ырларды чыгара башташты. Балким тойго чакыруу максатында. Бул тууралуу айта кетсеңиз.

—  Негизги ички умтулуусу ошондо. Анткени ырды деле адам жашаш үчүн, жанын багыш үчүн ырдайт. Ырчылык деле кесиптин бир түрү. Башка кесиптин ээлери деле ырыскысын табыш үчүн аракет кылышат. Ырчылар деле чыгарманы жөн жеринен жаратышкан жок. Ырды жаратыш үчүн акча сарпташат. Чыгымга учурабаш үчүн алар көп акча кетиришет. Алар деле пайда алып келе турган чыгармаларды жаратып жатышкандыгы ошондон.

— Чыгарма жаратууда эмнелерине көңул бурасыз?

— Чыгарма жазууда көп нерсени эске алабыз. Ыр жазылганда элдин ырга болгон кабыл алуусу кандай болот. Бул жагын тигил жагынан карап иштеп чыгабыз. Чыгарманын үстүнөн иштеп чыккан соң өзүң  эл болуп кайра угуп көрөсүң. Бул чыгарма жарайт же жарабайт деп олтуруп иштеп чыгабыз.

—  Ырчылык өнөр сизге кимден калган? Туугандардан ырдаган барбы?

— Туугандарымдын көпчүлүгү өнөрлүү адамдар. Таякем тараптан да өнөрлүүлөрү бар. Апам –музыкант. Мектепте өмүр бою музыкадан сабак берди. Көпчүлүгү “сеники энеңдин сүтү менен келип калыптыр”,-деп айтышат.

— Бир кездери ушул “Кудача кыз” аттуу чыгармаңыз теледен укмуштуудай белгилүү болду эле. Султан Садыралиев менен дует ырдагансыздар, бул жөнүндө айта кетсеңиз.

— Ал кезде мен консерваторияда окучумун. Султан искусство институтунда окучу. Ал домбрасын көтөрүп биздин окуу жайдан алдынан көп өтчү. Бактын түбүнө олтуруп алып домбрасын черткилечү. Ошентип таанышып калдык. Бир күнү мага сунуштап калды ушундай ыр бар деп. Бул ырдын сөзү жок деди. Анан мен жазайын жок дегенде казакча вариантын бербейсиңби десем, сөзү жок деди. Анда тойлорго ылайыктап жазалы деп чечтик. Ошентип ырдап чыгып калдык. Бат эле элге таанылып кетти. Кудача кыз ыры бизге  атактуулук алып келди.  Биз үчүн бул ыр ак жолтой ыр болду.

— Чыгармачылыктан сырткары эмне иштер менен алексиз?

— Баары колунан келгенин кылыш керек деп ойлойм. Биздин колубуздан ыр жазмай, обон жазмай жакшыраак келет деп ойлойм. Азырынча ыр жазып, обон жазып жатабыз. Бирок чыгармачыл адамдар башка багытта кетсе деле, мен ойлойм алардын колунан келет.  Анткени өнөр адамдары сезимтал болот. Ар бир нерсени тез эле кабыл алып, үйрөнүп кетерине ишенем.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM