Биз менен байланышыңыз

Гүлназ Бекбосун кызы: Майра Керим кызы – менин устатым

Марал шоу | 1 Сен 2018 | 3008 | 0

“Радио желе” программасынын бул жолку чыгарылышында Бишкек шаардык маданият башкармалыгынын алдындагы “Кыргыз руху фольклордук ансамблинин солисткасы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлназ Бекбосун кызы болуп, кызыктуу маек курдук.

Кечээ жакында эле туулган күнүңүз болуп өттү. Туулган күнүңүз менен! Кандай өткөрдүңүз?

-Жакшы. Кыздарым жыл сайын өзгөчөлөнтүп куттукташат. Быйыл да ошондой белек болду.

Эс алууну кандай өткөрдүңүз?

— Быйыл кичүү кызым жогорку окуу жайына тапшырып, ошону менен алек болуп жүрдүк.

Чыгармачылыкта эмне жаңылыктар бар?

-Быйыл бираз жалкоороок болуп жатат окшойм. Догдурбай Урманбетовдун “Сиз жана жаз”, Табылды Актановдун “Аке” деген ырларын жаздырдым.  Анан алдыда устатым Майра Керим кызынын “Сезим  жанары” деген ырын жаздырайын деп жатам.

Балалыгыңызга сапар алып келсек. Балалыгыңыз  кандай өткөн? Устатыңыз жөнүндө бир эки ооз сөз.

Бала чагым Ысык-Көл облусунун Түп районундагы тоо койнунан орун алган, шаркырап суусу аккан Шаты деген айылда өткөн. Айылга барсам да биринчи ошол сууга бармайын  жаным эс албайт. Бала кезимде эле ырдап, “Мугалим эже” деген ырым менен айылымдын жылдызы болгом. Андан кийин атамдан комуз үйрөнүп алып, айылымдагы иш-чараларда ырдап жүрдүм.

Бир күнү айылыбызга Майра Керим кызы келип, маданият үйүндөгү концертке ал эжекем менен бирге бир сахнада  ырдоого мүмкүн болду. Концерттен кийин эже мени мактап, батасын берди эле ошол күнү менден өткөн бактылуу киши жок. Жолуккан эле кишиме айтып дердеңдеп калдым.

Кийинчерээк Нарында Табылды Актанов агайыбыз менен бирге иштеп жүргөнүбүздө Майра Керим кызы Нарынга келип калды. Ошол жерде эже менен сыйлашып-сырдашып, кеңештерин айтып, ырларын ырдап берди. Ошондон тарта үй-бүлөлүк карым катнаш менен жакшы санаалаш болуп катышып жүрдүк. Керемет инсан эле. Ырлары, обондору бир керемет, менин жан дүйнөмдөн чыккандай жакын болгондуктан ырларын сурап ырдап калдым. Эже менин устатым. Обондору, кайрыктары оор. Ошол себептүү этият мамиле кылып өзүнө ырдап берип, кээ бир жерин өзү оңдоп отуруп ырдап калдым.

Өкүндүргөнү эженин эки ыр китеби чыкса да көп ырларынын обондору жазылбай калган, чоң таланты өзү менен кетти.

Кененирээк маалыматты  төмөнкү видеодон алсаңыз болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM