Туризм дүйнөдөгү эң кирешелүү тармактардын бири. Айрым өлкөлөрдө туризм тармагы Ички дүң өндүрүмдүн 90%ын түзөөрү белгилүү. Кыргызстанда бул көрсөткүч – 5,5%. Мамлекет туризм тармагын өнүктүрүү үчүн атайын программаларды кабыл алып, иштеп келет. Туризмди өнүктүрүү аны менен гана чектелип калбастан, аталган тармактын өнүгүүсүнө салым кошкон жаштар четтен чыга баштады. Алардын бири 23 жаштагы Азиз Исабеков. Ал Чоң-Кеминде конок үйүн ачып, чет өлкөдөн келген туристтерди тейлейт. Дал ушул жаш ишкер «Портрет» программасынын бул жолку каарманы.
Азиз Исабеков 1994-жылы Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Тар-Суу айылында төрөлүп, чоңойгон. Үй-бүлөдө үч бир туугандын экинчиси. Кесиби боюнча мал доктур. Ал туризм бизнесинин пайдубалын өзү билип-билбей туруп эле 19 жаштагы студент кезинде түптөй баштаган. Англис тилин мыктылап өздөштүрүүнү каалап, көчөдөн кезиккен эле турист менен сүйлөшүп тажрыйба топтоо үчүн үйүнө, Кеминге чакыра берчү.
—Айылдан Кант шаарына барып, Айыл чарба институтунун алдындагы колледжди бүтүргөм. Кесибим боюнча ветеринармын. Окуудан сырткары ар кандай тренинг, окууларга барып турчумун. Окуумду бүткөндөн кийин ветеринардык кесип меники эмес экендигин түшүнүп, Ататүрк Ала-Тоо университетине тапшырдым. Биринчи курста англис тилин билчү эмесмин. Сабактан сырткары чет өлкөлүктөр көп чогулган жерлерге барып, англис тилин үйрөнө баштадым. Алар менен чогуу баарлашып, англис тилин үйрөнүү максатында эс алуу күндөрү жаратылышка алып барып, айылдын жашоосун көргөзүп келчимин. Бул идея көпчүлүгүнө жагып, ар жума сайын тоо койнуна эс алууну адат кылып алдык. Чет өлкөлүктөр менин айылыма чейинки гана жол кирени төлөшсө, калган чыгым өзүмдүн чөнтөгүмдөн кетчү. Туристтерди Кыргызстандын жаратылышына кызыктыруумдун дагы бир себеби ушул болду десем болот. Негизи мени ушул жумушка жетелеп келген англис тили болду. Англис тилин жакшы үйрөнүп калгандан кийин, айылдагы үйүмдү оңдоп-түзөп, конокторго ылайыктуу кылып жасап чыктым.
Тил үйрөнүүгө болгон шыгы бүгүн өз үй-бүлөсүн гана эмес, бир айылды баккан кирешелүү бизнеске айланды. Жаш ишкер ата-энесинин үйүн конок үй кылып, аны туристтерди кабыл алууга ыңгайлаштырып, шарттарды түзүп алган. Ал жай жыйырма бештен ашык туристти кабыл алып, тейлөөгө мүмкүнчүлүгү бар.
—Эң биринчи жолу туристтерди 19 жашымда алып келгем. Ойлоп көрсөм ошол убакта эч коркуу сезими жок, туристтер менен иштеше баштаган экенмин. Менин оюмча ишкер болуу үчүн мыкты окуп же болбосо сөзсүз ишкердин баласы болуш зарыл эмес. Мыкты ишкер болуу үчүн өжөрлүк жана аракет керек. Келген ар бир коногумдан көп жакшы нерселерди үйрөндүм. Мисалы көпчүлүгү батыштан келишет. Алардан чынчылдык, ачыктык, сылыктык жана тактык сапаттарын өзүмө алдым. Ал эми чет өлкөлүктөр кыргыздын меймандостугуна аябай суктанышат. Конок үйүмө дегеле Кыргызстанга келген туристтер абдан ыраазы болуп, кайра келебиз деп сөз берип кетишет.
Бүгүнкү күндө Азиз туристтерди өзү издеп, Кеминге чакырбайт. Учурда тур агенттер менен келишим түзүп, алар чет өлкөдөн келген эс алуучуларды жиберип турат. Жаш ишкер конок үйүн кеңейтип, Тар-Суу айлынын четинен жер алып, жаңы заманбап үлгүдөгү үйлөрдү курдурууда. Ал курулуш бир айдын аралыгында бүтүп, туристтерди кабыл алууга даяр болуп калат. Келген эс алуучулар бир күнүнө 1 800 сомдон төлөйт. Конокторду кыргыздын улуттук тамактары менен сыйлашат.
-Мен туристтерди өзүм издебейм, туристтик агенттиктер менен келишим түзүп алганбыз. Келишим түзүлгөндөн кийин атайын шарттар бар. Мисалы биз сунуштаган баа агенттик сунуштаган шарттар менен дал келиши керек. Талапка жооп бергидей тейлөөнүн сапатын мыкты кылууга аракет кылабыз. Бул жакта курулуп жаткан жатакананын бардык шарттары түзүлүп, ыңгайлуу болот. Менин оюмча ар дайым өнүгүүнүн үстүндө болуп, замандын агымы менен кошо жарышыш керек.
Тар-Суу айлындагы Кемин конок үйүнө келген туристтерди 90 пайызын чет өлкөдөн келген эс алуучулар түзөт. Анын арты менен Азиз чет өлкөдөн бир топ тааныштарды арттырган.
—Конок үй биринчи жолу ачылганда япониялык сүрөтчү келген. Ал профессионалдуу сүрөтчү болгондуктан, Кыргызстандын кооз жерлерин тартып, ал сүрөттөрдөн мага да белекке берген. Быйыл япон таанышымдын Кыргызстанга катары менен төртүнчү ирет келиши. Дүйнөдөгү эң бай 10 адамдын бирөөсүнүн досу менен жакындан тааныш болуп, интернет аркылуу баарлашып турабыз. Ошондой эле Америкада чоң банктардын бирин башкарган кызматкер аялы менен келип, биздин конок үйдө эс алып кеткен. Анын аялы Барак Обаманын аялы менен шерине өткөрөт экен. Ушундай кишилер менен жолугуп, таанышканыма сүйүнөмүн. Америкага келип кет деп мени чакырышууда. Келечектеги максаттарымдын бири дүйнөнү бүт болбосо дагы, жарымын кыдыруу.
Азиз жаштайынан эле ишкерлик менен алектенип, дос балдары менен көп убакытын өткөрүүдөн аянат. Кээде ага жоро-жолдоштору эмгекчил деп тийишип, башың жумуштан бошобойт деп капа да болуп калышат. Азиз бош убактысы болбоорун жана бир орунда отура албастыгын айтты.
—Убактымды интернетке же болбосо пайдасыз тармактарга коротпоймун. Анын ордуна адамдар менен баарлашып, жаңы идеянын үстүнөн иштейм. Ал эми досторума көп деле убактымды бөлбөйм. Азыр жаңы конок үйүн салдырып жаткандыктан, ага сарсана болуп башка жака барып эс ала албайм.
Келечекте жаш ишкер конок үйүн чоңойтуп, отель деген деңгээлге жеткирүүнү пландоодо.
—Азыр жөн гана конок үйү болсо, келечекте отель кылууга аракет кылып жатам.
Азиз Исабеков сөзүнүн аягында, конокко келген туристтердин айылдын жаратылышына, жашоо образына суктанганын көрүп айыл туризминин келечеги болорун айтат. Алдыда Кыргызстандын башка облустарынын айылдарына конок үйлөрүн салып, айыл туризмин өнүктүрөм деп кыялданат.