Биз менен байланышыңыз

Чемпиондор чыккан үй-бүлө

Портрет | 6 Июн 2018 | 31376 | 0

Съездбек Таштекеев жубайы Гүлбарчын менен 4 уул 4 кызды татыктуу тарбиялап келет. Кесиби боюнча экөө тең бухгалтер. Балдарынын жетишкендиктери менен сыймыктанып жашап келишет. Чемпиондорду тарбиялап чыккан ата менен болгон маегибизди сиздерге сунуштайбыз. 

— Балдарым жөнүндө айтсам, баары №5 гимназияда окушат. Алардын шахмат жаатындагы жетишкендиктери аябай жогорку деңгээлде болуп жатат. Мен ушуга абдан сыймыктанам.

Улуу балам Арзыбек 17 жашта. Ал Кыргызстандын үч жолку чемпиону, президенттик кубоктун жеңүүчүсү. Көптөгөн олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарга жетишип жүрөт.

Андан кийинки уулум Руслан, Азиялык мелдеште үч алтын, эки күмүш, үч коло медаль тагынган. Республикалык биринчиликтин сегиз жолку жеңүүчүсү. Президенттик кубокту дагы эки жолу жеңип алган. Мындан тышкары, бир нече эл аралык мелдештерде алдыңкы орунду багындырып келген. 8 жашында Кыргызстандын тарыхында эң жаш спорт чеберине талапкер болгон. Спорт чеберин дагы 13 жашында эң эрте толтурду. Азыр 9-классты аяктап жатат.

Алмаз 14 жашта. Кыргызстандын беш жолку чемпиону. Азиялык мелдеште коло медаль тагынган. Көптөгөн эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Дзюдодон дагы жакшы ийгиликтерди жаратып атат.

12 жаштагы Назира кызым, Азиялык оюндарга тандоо турунда 3 жолу жеңүүчү аталган. Көптөгөн республикалык мелдештердин жеңүүчүсү.

Андан кийинки кызым Айжан жети жашта. Жаш экенине карабай Кыргызстандын үч жолку чемпиону. 5 жашында Монголияда өткөн Азиялык мелдеште күмүш медаль тагынган. Ал эми жакында эле Таиландда өткөн Азия чемпионатында шахматтын рапид түрүнөн алтын, блиц түрүнөн күмүш медаль тагынды.

Ал эми Нурсултан беш жашта. Былтыр Ысык-Көл – 2017 фестивалында өзүнүн жаш курагында жеңүүчү аталган. Аталган мелдеш быйыл да 20-июндан 29-июнга чейин өтөт. Салттуу мелдешке катуу даярданып жатабыз.

Андан кийинки кыздарым Аида төрт, Анара эки жашта. Азырынча турнирлерге катыша элек. Алардын куурчагы да, оюнчугу да шахмат. Учурда агалары менен шахматты үйрөнүп жатышат.

Аганы көрүп ини өскөн, эжени көрүп сиңди өскөн үй-бүлөдө алгач балдар жетиштүү деңгээлде тентек болушкан. А түгүл, күн алыс коңшулардын арыз муңун угууга туура келген. 

— Көрсө тентектиктердин артында энергия бар экен. Апасы экөөбүз балдарды кармай албай эле аркасынан жүрчүбүз. Анан мен балдар менен абдан көп баарлаштым. Мына ушул сүйлөшүүлөр аркылуу балдардын ички жан дүйнөсүн терең ачып, алардын каалоосу эмне болуп атат, умтулуусу эмне экенин ачык биле алдым. Ошонун негизинде булардын потенцияалын байкап калдым. Убагында шахматтын жакшы экенин, жашоого окшоштугун, логикалык ой жүгүртүүгө абдан жардам берээрин тынымсыз айтып атып түшүндүрдүм окшойт. Анан эле балдар шахматка кызыгып кетти. Эң негизгиси мен кызыктыра алдым. Балдар бир нерсеге багыт алып бурулуп алгандан кийин, аларды мажбурлоонун деле кереги жок болуп калат.

Балдарынын шахматка кызыгып калышына себепкер болгон ата өзү да бир учурда шахматка абдан кызыгып, аны менен алектенген. Себеби, шахмат да жашоо сыяктуу. 

— Кичинекейимде мен дагы шахмат ойноп чоңойгом. Ата-эне балдардын астында жоопкер болгондуктан, аларды эмгектенүүгө кантип үйрөтөбүз деп изденет экенбиз. Көптөгөн психологиялык китептерди окудум. Ошонун негизинде балдарга шахматты туура көрдүм. Туура ой жүгүрткөн окшойм, балдарымдын да шахматка шыгы бар экен. Себеби жарым жыл өтпөй ийгиликтер жарала баштады.

Убакыт баарынан кымбат болгон бул доордо балдарга убакыт бөлүү да чоң эмгек болуп калганы талашсыз. 

— Мен өзүмдүн милдетимди туура эле аткарып атам деп ойлойм. Себеби, бул жашоодо баланын курсагын тойгузуп коюу эле жетишсиз. Алгач балдардын ден соолугун чың кармап, жан дүйнөсүн дагы таза тутуп, келечекте өздөрүнүн орду бар инсан кылып тарбиялоо ар бир ата-эненин милдети.

Балдарга убагында туура багыт берип турса, бардык тармакты татыктуу алып кеткенге мүмкүнчүлүк болот. 

— Шахматтан тышкары мектепте жакшы окушат. Музыкага кызыгып, спорттук ийримдерге да барып жатышат. Ушулардын бардыгы булар үчүн гармония экен. Эгерде жалаң эле шахмат ойной бергенде балким мындай ийгиликтерди багындыра алышпайт болчу. Себеби бала бир нерседен тажап кетпей, бардыгы айкалышып турушу керек. Мисалы, акыл багытында шахмат кетип атса, дзюдого да барышат. Себеби адамдын кан айлануусу жакшы болсо, акылдын өөрчүшүнө дагы абдан жардамы тиет. Мындан тышкары музыка менен жан дүйнөсүн азыктандырып атышат. Ушулардын баары айкалышкан үчүн ийгиликтерди жаратып атышат деп ойлоп кетем.

Эл аралык, республикалык таймаштардан тышкары, үй-бүлөлүк да беттештер өтөөрүн айткан Съездбек мырза, өзү да бул таймаштарга активдүү катышып турат. 

— Үй-бүлөлүк чемпионаттарга мен сөзсүз активдүү катышам. Балдарга шык берип туруу үчүн аябай көп ойнойм. Айжан, Нурсултандар менин атаандаштарым. Ал эми үй-бүлөлүк мелдешти Арзыбек менен Руслан алмак-салмак жеңип атышат. Үй-бүлөлүк мелдеш өтүп жатканда анча-мынча республикалык таймаштар артта калат деп ойлойм. Анткени, ич ара атаандаштык дагы абдан күчтүү. Ийгиликтердин жаралышына үй-бүлөлүк атаандаштыктын да жардамы тийип атат окшойт.

Мамлекет деле спортчуларга тиешелүү шарттарды түзүп бербесе ийгиликтердин жаралуусу оор болгондой эле үй-бүлө да балдарынын ийгилиги үчүн шарт түзүү талап кылынат эмеспи. Съездбек мырзанын үй-бүлөсү мына ушул жактан колдоого муктаж болуп келет. 

— Эл аралык мелдешке катышууда тансфер, аккредитация сыяктуу бир нече төлөмдөр бар. Таиландга үч баламды алып барганда ушул төлөмдөргө эле 750 доллар кетип калды. Бул мага окшогон бюджеттик мекемеде иштеген адамга кыйын болсо да карыздап отуруп барып келдик. Бирок, эл аралык мелдеште ийгиликтерди багындыруу үчүн бир жылда бир жолу барып келүү жетишсиздик кылат. Жок дегенде 3-4 жолу сырттагы мелдештерге катышып туруу керек. Сырткы атаандаштар менен ар дайым байланышта болуп, жолугуп туруу зарыл. Ансыз балдардын чеберчилигин өстүрүү мүмкүн эмес. Мисалы, кече жакында эле Казакстандагы мелдешке барып келдик. Ал жерде Айжан кызым байгелүү орунга татып, казак туугандарды таң калтырып келди. Нурсултан дагы өз курагында чемпион аталды.

Чемпиондор чыккан үй-бүлө октябрь айында Испанияда өтө турган дүйнөлүк биринчиликке кызуу даярданып жаткан кез. 

— Жакында октябрь айында Испанияда дүйнө биринчилиги өтөт. Бул таймашка катышууга Руслан менен Айжандын мүмкүнчүлүгү чоң болуп турат. Ошол жерде ийгилик жаратууга дарамети, мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок биз Таиландда өткөн мелдешке катышып, бизге бериле турган жардамды колдонуп койдук. Эми биз жол акысын дагы, бардык төлөмдөрдү өзүбүз көтөрүп барышыбыз керек болот. Ар бир балага 2 миң доллардын тегерегинде айланып калат экен. Учурда ушул каражатты табуу үчүн чуркап атам.

Мындан тышкары, балдарым менен шахматты үйрөтүүчү жайкы лагерди түзүүнүн үстүндө иштеп атам. Ушул долбоордун үстүндө аракет кылып атам. Кудай буйруса ушул максатыбыз ишке ашса абдан жакшы болот эле. Өзүбүздүн үй-бүлөлүк тажрыйбабызды элге жайылталы, чемпиондор көп болсун деген ой болуп турат.

Биз маегибизди улай үйдүн тун уулу Арзыбекти кепке тарттык. Анын айтымында, тентек балдардын шахматка кызыгуусуна атасы себепкер болгон.

— Атабыз кичинебизде абдан тентек болгондуктан шахматты үйрөтүп калды. Ошентип кичинебизден эле шахмат менен алектенип калдык. Ушуга чейин көптөгөн ийгиликтерге жеттик десем болот. Маселен, дүйнөлүк биринчиликке катыштым, Азия оюндарында, эл аралык мелдештерде бир нече жолу жеңишке жеттим.

Русландын айтымында, шахматта физикалык жак менен логикалык жакты айкалыштырып алып кетүү зарыл.

— Шахматты канчалык жакшы ойногон сайын башка сабактарды да жакшы өздөштүрө баштадым. Мисалы, алгебра, физика, химия сабактары башка окуучуларга караганда мага жеңилирек болот. Мындан тышкары шахматтын китептери абдан оор болгондуктан, кыргыз, орус адабияттарын жеңил түшүнүп, бул сабактарым дагы жакшы. Шахматтан тышкары, дзюдо менен машыгып, музыка ийримдерине барып жатам. Анткени шахматта физикалык күч дагы абдан талап кылынат. Мисалы, эки дүйнө чемпион Карпов менен Каспаров ойногондо Карпов өзүнүн чыдамсыздыгынан улам утулуп калган. Ал эми Каспаров спорт менен машыгып жүргөндүктөн чыдамдуу болгон.

Ал эми Айжандын айтымында, атасынын, агаларынын оюну шахматка кызыгуусуна түрткү болгон.

— 5 жашымда Монголиядагы Азия оюндарында күмүш медаль тагынгам. Быйыл Таиландда өткөн чемпионатта баш байгени жеңип алдым.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM