Биз менен байланышыңыз

Сосновкада суу тартыш болуп эгин куурап калды

Айылдан сүйлөйбүз | 15 Авг 2018 | 2643 | 0

«Марал» радиосунун «Айылдан сүйлөйбүз» программасынын бул жолку чыгарылышында Чүй облусуна караштуу Жайыл районундагы Сосновка айыл аймагынын көйгөйлөрү жөнүндө сөз кылдык. Жергиликтүү тургундардын маалыматка ылайык, аталган айыл өкмөттө ичүүчү таза суу жана сугат суу маселелери курч. Уктурууну Түмөнбай Абдинаби уулу алып барды.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликте турганда Достук айылын ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн президенттик фонддон 5 млн сом бөлгөн. Ишти Улуттук Энергохолдинг ишканасына тапшырган.

Достук айылынын тургуну Болот Ормокеев:

— Жаз мезгилинен бери эле жумуш жүрүп жатат. Тендерди “Дастан” ишканасы утуп алган экен. Кыйраткан деле техникасы жок. Иштер башында эле начар башталган. Балким бүтүп калат деп үмүт кылган элек. Күз келип калса дагы казылган аңдар ошол бойдон турат. Үйүбүзгө аңды аттап кирип-чыгып жатабыз. Казылган жерге жаш балдар, малдар түшүп кеткен учурлар болот. Бала-чаканын колу, буту сынып жатат. “Суусу жок эле жашасак болмок экен” дегенге чейин бара баштадык. Арызданып жатып, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кийлигишүүсү менен бир айыл өкмөтүн кызматтан кетирдик. Жаңы шайланган айыл өкмөт башчысы ишке киришем деп убадалап жатат. План боюнча курулуш октябрда бүтүшү керек. Нарында кыш эрте келет. Ат-Башы ГЭСи курулганда эски суу бар болчу. Азыр ошону эптеп ичип жатабыз. Ал дагы жылчып ар жерден чыгат. Айылдын депутаттары чуркап, аракет кылып жатат.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Нарын шаары, Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондору боюнча региондук башкармалыгынын адиси Азамат Усенбеков:

— Объект курулуп жаткан объектилердин тизмесине 2018-жылдын апрель айында киргизилген. Андан бери куруучулардан дагы, тапшыруучулардан дагы эч кандай билдирүү келген эмес. 19-июлда биздин инспектор Достукка барып текшерүү иштерин жүргүзгөн. Анда казылган аңдардын бийиктиги долбоорго ылайык келбегендиктен эскертме жазуу берилген. Эскертме жазуунун аткаруу мөөнөтү­­­­­ бүтө элек. 18-августтан кийин дагы текшерүүгө барабыз.

Мурдагы айыл башчы Турдалы Көлбаев:

— Жумушту аткарып жаткан фирма кечигип жатат деген нерсе туура эмес. Себеби келишим боюнча ишкана 1-октябрда өткөрүп бериши керек. Дагы убакыт бар. Каражаттын 50% бөлүнгөн. Ачыгын айтканда айылдык кеңештин депутаттары менен курулушчулардын ортосунда пикир келишпестиктер болуп жатат. Депутаттар демөөрчүлүк каражат сурап, футболдук аянтчага акча бөлүп беришин талап кылышкан. Фирма акча бөлүп бере албай жатат. Жергиликтүүлөр окуяны башка жакка бурмалап жатышат. Курулушчуларды иштетпей, бут тосуп жаткан болушу дагы мүмкүн. Айылдык кеңештин депутаттары 6-июнда өткөн жыйында мага ишенбестик көрсөтүшкөн. Мен дагы жумуштан кетип калгам. Кылгылыкты кылып алып эми күнөөлөгөнгө киши таба албай жатышат окшойт. Өздөрү ката кетирип алып эми бирөөнү күнөөлөп жатышат. Депутаттардан “эмне үчүн курулушчуларды, алардын техникасын иштетпей жатасыңар” деп сураш керек. Мындан сырткары, көптөгөн нерсеге демөөрчү болгула деп кыйнашыптыр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM