Биз менен байланышыңыз

Камактагы саясатчылар ачкачылык жарыялашты

Кыска кабар | 16 Авг 2018 | 869 | 0

Мамлекетти басып алууга аракет кылган деп айыпталып кармалган саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров бүгүн кезектеги ачкачылык акциясын жарыялашты. Бул тууралуу саясий туткундарды коргоо боюнча комитеттин мүчөсү Зульфия Марат билдирди.

Анын айтымында, Жогорку соттун чечимин курьер алып келип берген жок. Мындан улам камактагы 2 саясий туткун ачкачылык жарыялашты. Алар Жогорку соттун 3 сотун жана төрайымын кызматтан кетирүү талабын коюп жатышат. Камактагылардын пикиринде сот аларды 8 жылга мыйзамсыз түрдө эркинен ажыратышкан.

Эске салсак, Асанов менен Кадыровго бийликти күч колдонуп басып алуу беренеси боюнча айып тагылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM