Биз менен байланышыңыз

Каптагаев: “Аппарат башчы-мекеменин мотору”

Күн чекит | 15 Авг 2018 | 1440 | 0

Сооронбай Жээнбеков президент болгондон кийин Фарид Ниязов өз арызы менен президенттик аппараттан кеткен. Бүгүнкү күнгө чейин өлкө жетекчисинин аппарат башчысы дайындала элек. Жакында эле өкмөттүн аппарат башчысы да кызматтан кеткен эле. Ал эми Бишкек шаарына жаңы мэрдин келиши менен дароо аппарат башчысы да алмашты. Мындан улам аппарат жетекчиси канчалык мааниге ээ деген суроо жаралат. Мына ушул теманын алкагында мамлекеттик жана коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев менен маектештик.

-Кайсыл гана мамлекеттик түзүм болбосун, өзгөчө жогорку эшалондогу аппарат жетекчиси кандай кызмат орду деп эсептелет?

-Бул маселеге жакыныраак сөздү кыргыздар илгери эле айткан, “Вазир жакшы-хан жакшы”. Бул мааниси терең. Анткени ошол аппарат, анын жетекчиси мекеменин башчысынын вазири катары саналат. Анын милдети, президент, өкмөт же башка жетекчинин ишин камсыз кылуу, уюштуруу, туура маалыматтарды топтоп, аны элге жеткизүү. Мына ошондуктан, жетекчиге карата элдин пикиринин калыптанышы, анын туура сүйлөп, жыйынтыктуу иш алып барышына аппарат башчысынын ролу чоң.

-Азыр коомчулукта, өзгөчө социалдык тармактарда президенттик аппараттын башчысы ушул күнгө чейин дайындалбай турганы талкууга алынып келүүдө. Татыктуу кадр жокпу?

-Иштей турган же иштейм деген адам көп эле болушу керек. Себеби бизде кыргызда кызматка барууну каалагандар көп эмеспи. Мен ушул убакытка чейин созулуп жатканына бир эле себеп көрүп жатам. Азыркы президенттин өзүнүн максаттары, ишке ашыра турган пландары бар да. Мына ошолорго өзүнө өбөк-жөлөк боло турган, көңүлүнө жаккан кишини таппай жаткандай. Бирок мынчалык создуктуруунун да кажети жок. Себеби замандын талабына ылайык маселелер өзгөрүп кете берет. Ал кырдаалдарга баш көз болууга  аппарат башчынын дарамети, билими, тажрыйбасы жетишпей калышы мүмкүн.

-Бишкек шаарына жаңы мэрдин келиши менен дароо аппарат башчысы да алмашты. Мындан улам бул күчтүү, таасирдүү кызматпы деген суроо жаралууда.

-Таасирдүү, күчтүү дегенге болот. Бирок, ал өз алдынча саясий багыты бар кызмат эмес. Анын иши жетекчинин жана мекеменин ишин камсыз кылып, баарын уюштуруп туруу. Мына ошол жагынан алганда анын таасири абдан чоң. Себеби, кайсы бир маселенин тез, терең каралышы же болбосо көңүл бурулбай калышы аппарат башчыдан көз каранды. Жогоруда айткандай жетекчиге коомчулуктун пикиринин калыптанышы ошонун колунда. Мисалы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин убагында аппарат башчылары жетекчиге карата чоң кыянаттык кылышты. Алар көп маселени өзүнө алып, алдын ала иликтөө, аны чечүү менен ачык-айкындуулукту камсыз кылуунун ордуна, Атамбаевдин аркасына жашынып туруп алышты. Көп иштерди Атамбаевди алдыга чыгарып коюп, ал айта берди. «Мен кыйынмын» дегендей таасир калтырып, коомчулуктун кайрылуусун кабыл албай олтуруп алды. Аппарат да ошону кылды. Аягы эмне болгону баарыбызга маалым. Ал эми Балбак Түлөбаевди Бишкек мэриясынын аппарат башчылыгына алып келгени туура эле болду. Себеби бул чоң шаар, борбор. Иш, көйгөй көп. Анан да жаңы мэрдин келишине бир катар элдин нааразычылыгы болду. Мына ушунун баарын жөнгө салууга, аппарат башчынын таасири чоң болот.

-Сиз белгилеген сапаттарды эске алганда, “аппаратчик” жетекчинин, мекеменин ишин алдыга жылдыруудагы негизги рычаг десек болот экен да.

-Машинанын мотору түтөбөй жакшы иштесе, унаа жакшы жүрөт. Аппарат башчы дагы мекеменин мотору.

-Маегиңизге рахмат.

Copyright © 2017 Maral FM