Биз менен байланышыңыз

Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу 15-октябрга чейин камакта калтырылды

Кыска кабар | 16 Авг 2018 | 881 | 0

Казакстандын Алматы соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун камактагы мөөнөтүн 15-октябрга чейин узартты.

Аталган сот 24-июлда аны 15-августка чейин камакта катлырган эле.

Эске салсак, Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда аткезчиликке шектелип кармалган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан. Мунун алдында Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Дамирбек Асылбек уулунда казак паспорту да бар экенин билдирген. Кылмышка шектүүнүн туугандары казак жарандыгы тууралуу маалыматты четке кагышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM