Биз менен байланышыңыз

ИИМ Momo оюну кооптуу экенин эскертүүдө

Кыска кабар | 15 Авг 2018 | 1143 | 0

Социалдык тармактарда Momo аталышындагы жаңы пайда боло баштаган кооптуу оюн жөнүндө маалыматтар тарап жатат. Ал буга чейин өспүрүмдөр арасында жайылган “Көк кит” оюнунунун аналогу экени айтылууда.

Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги аталган оюндун кооптуу болгондугу тууралуу эскертип, алдын алуу аракетин көрүп жаткандыгы кабарланды.

Маалымат боюнча, Momo оюну WhatsАpp мессенжери аркылуу тарайт. Мисалы, Momo аталышындагы никти колдонгон аккаунттун негизги бетинде, 2016-жылы коркунучтуу сүрөттөр галереясында коюлган япон скульпторунун сүрөтү турат. Оюндун кураторлору ойноочуларга зомбулук сахналарын чагылдырган сүрөттөрдү жиберип, ар кандай буйруктарды аткарууга мажбурлайт. Ошондой эле коркуткан каттарды жазат.

эске салсак, Кыргызстандык instagram социалдык тармагын колдонуучулар арасында «Көк кит» деп аталган «өлүм флешмобу» 2017-жылдын февраль айында популярдуу болгон. Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, өспүрүмдөрдү суицидге үндөгөн  оюндар Кыргызстанга социалдык тармактар аркылуу Орусиядан келгени айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM