Биз менен байланышыңыз

Көчмөндөр оюндарын жалпы 300 ЖМК чагылдырат

Кыска кабар | 15 Авг 2018 | 960 | 0

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын жалпы 300 ЖМК чагылдырат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, 40тан ашуун мамлекеттен 500 журналист келет. Алар оюндарды Африка континентине чейин көрсөтүп, бир нече тилде чагылдырышат.

«Анадолу» кабар агенттиги иш-чараны 13 тилде дүйнөгө түз чагылдырат. Ошондой эле, «Түркиш эйрлайнс» авакомпаниясы да учактарында Көчмөндөр оюндарын жарнамалайт»,— дейт Боронов.

Белгилей кетсек, III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюдары 2-8-сентябрь аралыгында Кырчын жайлоосунда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM