Биз менен байланышыңыз

Алып баруучу Салтанат Саматова көз жумду

Кыска кабар | 15 Авг 2018 | 1497 | 0

Белгилүү алып баруучу Салтанат Саматова узакка созулган оорудан кийин көз жумду. Маалыматтар боюнча, ал түнкү 01.30дарда өзүнүн үйүндө жан берген. Эске салсак, Саматова 2011-жылдан тарта рак оорусу менен күрөшүп келген.

Алып баруучу 46 жашта болчу, артында эки баласы калды.

Салтанат Саматова 1972-жылы 1-мартта Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти аяктап, Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун музыкалык факультетин бүтүргөн.

1996-жылдан тарта «Европа плюс» радиосунда иштеп, 2012-жылдан тарта КТРКдагы «Акыл ордо» берүүсүн алып барып келген. Онкологиялык ооруларга кабылган балдарга жардам көрсөтүү максатында «Помагать легко» коомдук фондусун негиздегендердин бири.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери.

Марал радиосунун эмгек жамааты Салтанат Саматованын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM