Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Энергетикадагы коррупция жабдыкты алуудан башталат

Коом | 15 Авг 2018 | 879 | 0

Бул жылы энергетика тармагындагы коррупциялык иштердин ачыкка чыгышы коомчулукта кызуу талкууланып, бир канча кылмыш иши козголду. ЖЭБдеги авария тамыр алган коррупцияны ачыкка чыгарып, ага байланыштуу мурдагы эки премьер-министр менен кошо бир канча аткаминерге карата кылмыш иши козголду. Бул тармактын бүгүнкү күндөгү абалы кандай? Президент айтып жаткан коррупция менен күрөш аракети энергетика тармагында кандай жүрүп жатат? Бул суроолордун тегерегинде эксперттер менен кошо тиешелүү органдардын адистери талкуулашты.

Бишкек ЖЭБиндеги авариядан кийин коомчулукта энергетика тармагы кызуу талкуулана баштады. Буга байланыштуу экс-премьер-министрлерден тартып, жооптуу кызматкерлерге чейин кылмыш иши козголду. Эксперттердин айтымында, ЖЭБдеги болгон авария буга чейин түп тамыр салып келген энергетика тармагындагы коррупция менен күрөшкө коңгуроо болду. «Түндүкэлектр» ишканасынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү, укук коргоочу Сапарбек Аргынбаевдин айтымында, энергетика тармагындагы коррупциянын башаты тетиктерди сатып алуудан баштаса, бүгүнкү күндө инвестициялар, чоң долбоорлор коррупционерлерге жем болуп берди.

Менде 2015-жылга чейинки документтер бар. Мен аларды экс-президент Алмазбек Атамбаевге, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге бергенмин. Бирок алар кол шилтеп көңүл бурушкан эмес. Убагында энергетика тармагында коррупция жабдыктарды сатып алуудан башталса, кийинчерээк электр энергияны сатууга өтуштү. Эми келген акчаны, инвестицияны тоногон жолго өтүштү. Келген чоң-чоң долбоордон өзүнө кымтып калышты. Аны мына ЖЭБдеги окуя, “Датка-Кемин” далилдеди. Булар акчаны алып алып, оңой жол менен отчет кылууну жакшы билишкен.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча 2017-жылы 15 кылмыш аныкталып, келтирилген чыгым 62 млн 778 миң сомду түзгөн. Аталган мамлекеттик кызматтын өкүлү Казбек Мамазунуевдин айтымында бардык фактылар боюнча кылмыш иши козголгон.

-2017-жылга карата 15 кылмыш аныкталды. Баарына кылмыш иши козголду. Муну менен катар керектөөчүлөрдүн электр энергияны уурдоосу боюнча 10 факты аныкталган. Андан келтирилген чыгым 578 миң сомду тузгөн. Ал эми 2018-жыл боюнча 4 кылмыш аныкталып, баарына кылмыш иши козголгон. Келтирилген чыгым 9 млн 300 миң сомду түзгөн.

Башкы прокуратуранын алдындагы Мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын маалыматы боюнча өткөн 7 жылдын ичинде жалпы 307 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 175 иш сотко жеткен. Бул туурасында Мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын прокурору Рамазан Ибраимов билдирди.

Бул тармакка тиешелүү 2010-2017-жылдар аралыгында укук коргоо органдары тарабынан 307 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен сегизи башка ишке кошулуп тергелген, 86 иш токтотулуп, 36сы кыскартылган. Сотко 175 иш жөнөтүлгөн. Анын ичинен 104 кишиге айып тагылып, 63 иш кыскартылган. Бирөө акталып, 7 иш каралууда. Ал эми 2017-жылдын жана 2018-жылдын биринчи жарымында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында 4 кылмыш иши козголгон. Натыйжада өлкө бюджетине 45 млн 444 миң сом которулган.

Деген менен Орто Азиядагы суу энергетикалык көйгөйлөрдү изилдөө институтунун өкүлү Зульфия Марат бүгүнкү күндө да энергетика тармагын менчиктештирип, коррупцияга жол ачкан мыйзамды сунуштагандар бар дейт. Учурда ал мыйзам президенттин кароосунда турат. Эксперт Зулфия Марат президенттен ага кол койбоону суранат.

-Электр энергетика боюнча мыйзам долбоору приватташтырууга алып келет. Ал өз кезегинде коррупцияга жаңы жолдорду ачат. Бул жерде белгилеп кетүүчү жагдай ошол мыйзамдын демилгечилеринин көпчүлүгүнө азыр кылмыш иши козголгон. Бул мыйзам дагы жеке тараптын кызыкчылыгын көздөйт. Ошондуктан мен президенттен ушул мыйзамга кол койбой коюусун суранам.

Эске салсак, ушул жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде авария болуп, бул окуя энергетика тармагындагы бир топ ишти ачыкка чыгарган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM