Биз менен байланышыңыз

Лиранын арзандашы кыргыз мигранттарга терс таасир берүүдө

Экономика | 15 Авг 2018 | 1710 | 0

Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү болгон Орусия менен Түркиянын улуттук валюталарынын куну түшүп жатат. Бул өз кезегинде өлкөгө таасирин бериши мүмкүн экенин экономисттер белгилешүүдө. Ошол эле учурда аталган өлкөлөрдө иштеп жаткан мекендештердин айлык акысына да терс таасирин тийгизерин мигранттар айтышат.

Соңку аптада Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү жана ЕАЭБдеги шериктештери болуп саналган Казакстан менен Орусиянын улуттук валюталарынун куну чукулунан төмөн түшүп кетти. Аны менен бирге Түркиянын лирасы да кунун жоготууда. Мындай тенденция аталган өлкөлөрдө баалардын өсүшүнө жана инфляциянын деңгээлинин жогорулашына алып келген. Эксперттердин айтымында, кыргыз сому рубль, теңге жана лирадан айырмаланып, АКШ долларына карата бираз арзандаганы менен негизинен баасын туруктуу сактап турат.

Деген менен аталган өлкөлөрдө иштеп жаткан мекендештердин айлык акысына өз кезегинде терс таасирин берүүдө. Бул тууралуу Түркияда окуп жаткан кыргыз жараны Эркин Мамытов билдирди.

Анын айтымында, Түркияда келишим жана эсептөөлөр лира менен гана жүрүп калган. Ошондуктан, улуттук валютанын куну түшүүсү мекендештердин айлыгына терс таасирин берүүдө.

-Бул жакта мен иштебейм, окуп жүрөмүн. Лиранын кунунун түшүүсү мага тескерисинче пайда болууда. Анткени ата-энем Кыргызстандан мага доллар салышат. Аны лирага айлантканда көбүрөөк акча болууда. Бирок иштеген кыргыз мекендештербизге жаман болууда. Алар кетебиз деп жатышат. 

Белгилей кетсек, акыркы күндөрү түрк лирасынын курсу кескин түшүп кетти. Учурда бир АКШ доллары 7,24 лираны түзүүдө. Мурда бир доллар төрт лирага бааланчу.

Бул аптанын башында түрк лидери Режеп Тайип Эрдоган лиранын курсу түшүп кетүүсүнө АКШны күнөөлөгөн. Ал Түркиянын Трабзон шаарында сүйлөгөн сөзүндө АКШ бийлиги тарабынан “далыга бычак сайылганын” айтты.

— Ушуну билип алгыла! Унутпагыла, АКШнын доллары бар болсо, биздин элибиз, укугубуз жана Аллахыбыз бар. АКШ операциясынын башкы максаты өлкөнүн экономикасын, коргонуу чараларын таасирсиз абалга келтирүү менен Түркияны саясаттан тарта бардык тармакта баш ийип беришин каалоо болгон. Террордук уюмдар менен мамилеси болгон чиркөө кызматкери үчүн 81 миллиондук Түркияны курмандыкка чалууну самашат. Кечирип койгула, укуктук мамлекет катары мыйзамда эмне жазылса ошону аткарабыз. Буйрук берүү менен Түркияны баш ийдире албайсыңар. Биз ушул күнгө чейин бардык нерсени мыйзам чегинде алып бардык. Эч кимдин өлкөбүзгө саясий, аскердик, экономикалык операцияларды жасашына уруксат бербейбиз.  

10-августта АКШ президенти Дональд Трамп Түркиядан келген болотко 50%, алюминийге 20% бажы төлөмүн киргизген. Ошондой эле, Түркия камакка алынган пастор Эндрю Брансонду коё бербей жатканы үчүн түрк чиновниктерине санкция киргизген.

РИА Новости жазгандай, Анкара АКШнын санкциялык басымынан коркпой турганын, Москва менен болгон мамилени бекемдей турганын билдирген.

Түркия өнөр жай жана бизнес ассоциациясынын төрагасы Эрол Билежик CNN түрк телеканалына берген маегинде лиранын түшүп кетүүсүнө бир нече себептер бар экенин айткан.

-Түрк лирасынын курсу барган сайын төмөндөп жатат. Анын жалгыз себеби жок. Мен лиранын түшүп кетишине бир нече себептерди айта алам. Алсак, фискалдык саясатты башкарууда да кемчиликтер болушу мүмкүн. Мындан сырткары, саясий пикирлер, көз караштар дагы лиранын арзандап кетишине түрткү болушу мүмкүн. 2015-2016-жылдан берки аралыкты карай турган болсок, Түркиянын башына келбеген нерселер калган жок. Бирок, бул маселелердин чечилүүсүндө саясий пикирлерди ортого салбай турган болсок, балким түрк лирасы башка абалда болмок. Анткени саясий көз караштар бөлүнүүнү, чыңалууну жогорулатат.

Түркия Кыргызстандын улуттук экономикасы менен байланыш бар мамлекет. Андыктан лиранын түшүүсү да өлкө экономикасына түз жана кыйыр таасир берерин экономист Эрлан Камалов билдирди.

-Биз валюталык рынокто башаламандыкка, дүрбөлөңдүккө жол бербешибиз керек. Кырдаалды Улуттук банк тарабынан толук көзөмөлгө алуу зарыл. Терс жагы Орусия менен Түркиянын бизге экспорттолуп келе жаткан товары кескин көбөйөт. Ички рынокто аталган өлкөлөрдө чыгарылган товарлар көбөйөт. Бул ички рыногубуздагы товар өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка туруштук берүүсүнө чоң көйгөйлөрдү жаратуусу мүмкүн.

Ал эми Улуттук банк коңшу өлкөлөрдүн улуттук валюталарынын түшүүсү жана доллардын курсунун жогорулашына байланыштуу дүрбөлөң салууга негиз жок экенин маалымат каражаттарына билдирген.

Айта кетсек, Кыргызстанда да доллардын курсунун өскөнү байкалган. Учурда Улуттук банктын расмий курсу боюнча 1 АКШ доллары 68.96 тыйын болсо, акча алмаштыруу жайларда 69.50 тыйындан сатылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM