Биз менен байланышыңыз

Түштүк менен Түндүк Кореяны бириктирген экономикалык жамаат түзүлөт

Дүйнө | 15 Авг 2018 | 903 | 0

Түштүк Корея президенти Мун Чжэ Ин Түндүк Корея менен биргеликтеги бирдиктүү экономикалык жамаат түзүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Рёнхап агенттиги жазды.

«Биз тынчтыкта жашоо жана өнүгүү үчүн эки өлкө ортосундагы бөлүнүүнү жоюшубуз керек. Саясий биримдиктен алыс болсок да Түштүк менен Түндүктүн бири-бирине эркин барып келүүсү, бирдиктүү экономикалык жамаатты түзүү — биз үчүн чыныгы эркиндикке жетүү болуп саналат«, — деп айтылат Түштүк Кореянын президентинин билдирүүсүндө.

Ал мындан тышкары, Корей жарым аралындагы тынчтык жана бакубатчылык болушу – бул эки лидердин дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө кылган убадасы экенин айтты.

Ошондой эле, Түндүк Корея менен согуштук аракеттер толук жоюларына жана Кошмо Штаттардын тиешелүү чаралары ишке ашарына  ишенем артты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM