Биз менен байланышыңыз

Мексиканын жаңы шайланган президенти айлыгын кыскартты

Дүйнө | 14 Авг 2018 | 971 | 0

Мексиканын жаңы шайланган президенти Андрес Мануэль Лопес Обрадор, мамлекеттик кызматкерлердин бюджеттин эсебинен медициналык камсыздандыруу алуусуна тыюу салат.

«Жогорку кызмат адамдары жеке ооруканаларда дарыланбайт жана аларга эч кандай медициналык камсыздандыруу берилбейт. Бюджетти үнөмдөөнү биз баштасак, бийликтин башка бутактарын да бул аракетти колдошот”- деп билдирет Обрадор.

Буга чейин Обрадор бийликке келиши менен, эч кайсы аткаминер президенттен көп айлык ала албай турганын айткан. Ал эми өзүнүн маянасын болжол менен 5,6 миң долларга кыскарткан. Эксперттердин баалоосу боюнча, бул кадам Мексиканын 2 млрд доллар каражатты үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Бирок ал 1-декабрда кызматка киришкен учурда туристтик долбоорлорду алдыга жылдыруу үчүн миллиарддаган инвестицияларды тартууга убада кылган.

Учурда Обрадор аталган долбоорлор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасы аркылуу ишке ашаарын билдирүүдө. Анын негизинде түшкөн инвестициянын көлөмү 6,2-7,8 ​​млрд долларга бааланат.

Ал мындан тышкары, алты мунай долбоорун жаңыртуга болжол менен 2,6 млрд каражат тартууга убада кылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM