Биз менен байланышыңыз

Чыңгызды эки жактоочу коргойт

Коом | 19 Июн 2018 | 1117 | 0

Москвада автоунаа менен кишилерди сүзүп алган кыргызстандык Анарбек уулу Чыңгыздын кызыкчылыгын сотто эки жактоочу коргойт.

ТИМ: Иш биздин көзөмөлдө

Москвада такси кызматында иштеген Анарбек уулу Чыңгыз 16-июнь күнү автоунаасы менен 8 адамды сүзүп кеткен. Ал окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылып, кырсыкка күбө болгондор аны кармап калган. Кийинчерээк полициянын Чыңгызды суракка алып жаткан тасма жарыяланды. Анда ал кишилерди сүзүп алгандан кийин өзүн жоготуп койгонун жана аны кырсык болгон жердеги адамдар өлтүрүп коёбу деген коркуу сезими менен качууга аракет кылганын айтып берген.

Жабыркагандардын экөө Мексиканын, экөө Азербайжандын жана бирөө Украинанын жараны экени аныкталган. Калгандары орусиялыктар болгон. Кырсыктан соң Чыңгыз кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Айымкан Кулукеева Анарбек уулу Чыңгыздын иши министрликтин көзөмөлүндө экенин, ага укуктук жардам берилээрин билдирди.

-Биздин жараныбызга юридикалык жардам сөзсүз көрсөтүлөт. Жол кырсыгы болгону бул факт, андан качып кутула албайбыз. Бирок жараныбызга тагылган күнөөнүн бейтарап иликтенишине, адилет чечим чыгуусуна Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана элчилик болгон аракеттерин жумшайт. Бул иш ТИМдин, элчиликтин көзөмөлүндө болот.

Башта бул окуя теракт катары кабылданып, айдоочу мас болчу деген кабар тараган. Кийин ал маалыматтар такталган жок жана Чыңгыз уктап кеткени айтылды. Жол кырсыгына шектелип жаткан жаран Москвада таксист болуп иштегенине бир ай убакыт болгон. Ал полицияда сурак берип жатып 20 сааттай уктабай иштегенин, ага чейин болгону 2-3 гана саат уктаганын билдирди.

«Оор жаза берилбейт деп ишенем»

Чыңгыздын окуясынан кийин кыргызстандыктар ага жапа тырмак жардам берүүгө киришти. Мигранттар менен тыгыз иш алып барган «Замандаш» партиясы ага жактоочу жалдап бергени белгилүү болду. Биз Анарбек уулу Чыңгыздын Москвадагы адвокаты Мирбек Токтошев менен байланышканыбызда төмөнкү маалыматтарды берди.

— Азыркы убакта эки адвокат иштегени жатабыз. Москванын коомчулугунан деп Березина Владимир Александрович деген менин коллегам жана мен. «Замандаш» партиясы ушул ишти карап бер деп менден суранышып макул болдум. Орусиянын мыйзамы боюнча шектүүнү эки жылга чейин эркинен ажыратуу жана ошол эле учурда автоунаа айдоо укугунан ажыратуу жазасы колдонулушу мүмкүн.

Анарбек уулу Чыңгызга Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси (Жолдо жүрүү жана транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу) менен иш козголду. Бул берене боюнча эки жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Миграция кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Алмаз Асанбаев жол кырсыгына шектелип жаткан Чыңгызга оор жаза колдонулбайт деген ишеничте. Бирок иштин көбү жабыркагандарга байланыштуу деп эсептейт.

— Бул кылмышты оор кылмыш деп айтууга болбойт. Анткени эч ким каза таппай бизди Кудай сактады. Бирок жабырлануучу тарап бар. Мисалы Мексикадан келген күйөрмандар доомат коюшу мүмкүн. Ошол эле Орусиянын жарандары дагы. Сотто иш каралып жатканда алардын койгон дооматы кандай болот ошондон көп нерсе көз каранды. Мен катуу деле жаза болбойт деп ишенип жатам.

Чыңгызга кол сунгандар…

Ал арада жол кырсыгынан жабыркап ооруканага түшкөндөрдүн дары-дармегине жана кенемтесине деп коомчулук каражат чогултууну баштады. Орусиялык ММКлар Москванын Саламаттыкты сактоо департаментине шилтеме берип, кырсыкка кабылгандардын жетөөнүн абалы канааттандырарлык, бир аял орточо оор абалда экенин жазышууда.

Анарбек уулу Чыңгызга Орусияда такси кызматында иштеген таксисттер дагы акча чогултуп жатканы белгилүү болду. Маалымтка ылайык алардын саны 1500гө чейин жетет. Ал эми Кыргызстандагы жарандык активист Акбалык Жумалиева ачылган дагы бир эсепке 60 миң рубль чогултулганын кабарлады.

— Орусияда ар дайым ушундай окуяларда кайрымдуулук кылып акча чогултуп жүргөн топ бар. Алар менен байланышып анан эсепти коюшту. Бүгүн ага 59 миңден ашык 60 миң рублга жакын каражат чогулду. Ал бала акчанын жоктугунан 20 саат эс албай иштеп жатпайбы. Эгер жабыркагандарга кенемте төлөп калса деген максатта акча чогултулууда.

«Апам Чыңгызга такси айдаба деген»

Анарбек уулу Чыңгыз акыркы жылдары Бишкекте жашап, борбор калаага үй салып аны бүтүрө элек болчу. Орусиядан иштеп келип турак жайын бүтүрөйүн деген максат менен эмгектенип жүргөнүн анын агасы Алмаз «Марал» радиосуна билдирди. Ошондой эле Чыңгыздын Орусияда иштеп жүргөнүнө 6-7 жыл болгон экен. Ал башта ашпозчу болуп иштесе, такси кызматына киргенине бир гана ай болгон.

-Чыңгыздын дос балдары таксиде иштечү. Эки-үч жумадан кийин келин бала чалып «апа Чыңгыз эки күндөн бери үйгө келбей жатат. Таксиде уктабай иштеп жатат окшойт» деди. Апам бул жактан сарсанаа болуп Чыңгызга чалып «балам уктап ал. Москвада таксиде иштеш кыйын, иштебей эле кой» деди. Бирок Чыңгыз «уктап атам, жакшы элемин» деп койду. Ошондон кийин бир-эки күндөн кийин эле кырсык болду.

Чыңгыз кабылган кырсык Кыргызстандагы миграция көйгөйүн жандантып, бийликке болгон сынды күчөттү. Жакында эле 14-июнь күнү президент Сооронбай Жээнбеков Орусияга иш сапары менен барып, аталган өлкөдөгү кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда диаспора мүчөлөрү көпчүлүк эмгек мигранттары бөтөн жерде «Кыргызстандагы коррупциянын айынан тентип» жүргөнүн белгилешкен болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM