“Марал” радиосунун “Радио желе” программасынын кезектеги коноктору “Багаар” киносунун режиссёру Нурбек Мусаев менен сценарист Самат Баркалбас уулу болду. Чыгармачыл инсандар тасма тууралуу кызыктуу маек куруп беришти.
Баркалбас уулу:
Тасманын сценарийи төрт жыл дегенде толук жазылып бүттү…
Кино аты менен элди кызыктырып жатат. Тасманы көрбөсө да атын түшүнүп алууну каалагандар көп болууда. Идеянын башталышы атама таандык. Атакем өзүнүн Багаар атту досу тууралуу көптөгөн кызыктуу окуяларды айтып берип калчу. Мындан улам окуялардын негизинде тасма тартуу, сценарий жазуу оюу пайда болду. Бирок, атам айткандан бери көп убакыт өттү. Сценарийди көп жыл жазып, режиссёрлорго көргөзүп жүрүп, акыры Нурбекке сунуштасам, ал «болбойт” деп койду. Мына сага деп, кайра жазып келдим. Ошентип отуруп тасманын сценарийи төрт жыл дегенде толук жазылып, режиссёрдун купулуна толду десем болот. Бул аралыкта эч жерде иштебей, жалаң тасма тууралуу ойлонуп жүруп калдым. Ага түшүнүү менен мамиле кылган ата-энеме ыраазычылыгымды билдирем. Кинодо башкы каармандан аты Багаар. Ал эл багаар, журт багаар деген мааниде. “Кайсыл чет өлкөлүктүн аты?” деп сурагандар да болду. Чынында талкуу жараткан ат болду.
Сүймөнкулдун сүрүндөй сүр болбосо, же баатырга окшобосом…
Кино Тоң районунда эки үйдөн тартылды. Үй ээлерине чон рахматыбызды айтабыз. Эки үйдү жакшы эле тебелеп, багын да кыйдык (күлүп). Тасма ата-энени сыйлоого үндөйт. Башкы каарман ата-энесин сыйлап жашап калабы же сүйгөн кызын ээрчип кетеби деген табышмактуу жашоо чагылдырылган. “Кыйын болсоң кышта чык” дегендей кыш мезгилинде кино тарттык. Актердук билимим болгону менен окууну бүткөндө кино жаатына көп аралашкан жокмун. Кастингдерге катышып коюп жүрдүм. Менде Сүймөнкулдүн сүрүндөй сүр болбосо, же баатырга окшобосом(күлүп). Келбетим кыргыздын көпчүлүк кинолоруна дал келе бербейт экен. Алгачкы жолу актер болуп “Багаар” тасмасында ойнодум. Балким мындан ары тасмаларда рол жаратып кетем деп, өзүмдү сынап көргүм келди. Тасма тартууда эң негизгиси чыдамкай болуш керек экен. Кээде акча жетпей калат, ар ким ар кандай сын айтат дегендей.
Актер спортчу сыяктуу болот…
Актер спортчу сыяктуу болот. Дайыма спектаклдерге катышып, сахнага чыгып, сүйлөө речиңди өстүрүп турбасаң деңгээлиң дароо байкалып калат. Мен да көп жылдан бери теартга аралашпагандыктан, башкаларга салыштырмалуу өзүмдүн деңгээлимди сезип калдым. Эч кандай машыгусуз, дароо эле тасмага тартылып кеттим. Бирок даяр эмес экенмин. Ошондуктан теартрга кирип, эмгектенүү ниетим бар. Үй-бүлө кура элекмин. Кино тартууну ойлонуп жүрүп жеке жашоого убакыт бөлбөптүрмүн.
Мусаев:
«Багаар» тасмасынын жанры лирикалык комедия болду…
Тасма жалпы жонунан 6 айда тартылып бүттү. Кинонун аты тасма тартылып бүтүп калганда коюлду. Ага чейин “кандай кино тартып жатасыңар” дегендерге “аты жок» деп жооп берип жүрдүк. Самат экөөбүздө да актердук билим бар. Андыктан актерлорду анализдеп, жакшысын тандап алганга аракет кылдык. Негизги каармандардын ролун префессионалдуу актерлор ойноду. Мадина Талипбекова менен Айсанат Эдигеева экөө тең негизги каарман. Ал эми башкы каарман Багаардын ролун Самат өзү ойноду. Тасманын жанрын башында комедия болот деп жаттык. Бирок айланып келип эле сүйүүгө ыктап кеттик окшойт. Ошентип, лирикалык комедия болуп калды. Алдыда дагы башка кинолорду тартууну пландап жатабыз.
Жүк ташуучу унааны түртүп, сүйрөп жүрүп максатыбызга жеттик…
Эки каарман жүк ташыган унаа менен айылдан шаарга келе жатып “Муздак-Суу” деген эс алуу жайынан токтош керек эле. Ушул эпизодду тартуу үчун унаа Балыкчыдан жөнөдү, бирок жолдо абдан кыйналдык. Кышкы чилдеде Боом капчыгайында кино тартып жүрдүк. Жук ташыган унаанын суусу ысып чыгыш керек болчу. Бирок ал эрте ысып кетти. Кантсе да, унааны түртүп, сүйрөп жүрүп максатыбызга жеттик. Тасма тартууга колдоо көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылык айтам.Чет мамлекетте эл үчүн тартылган кинолорго каражат бөлүнүп берилет. Бизде андай болбогонуна байланыштуу «Багаарды» дароо телеканалдардан көрсөтө албайбыз. Киного кеткен чыгымдарды жаап алган соң, телеканалдардан бериле баштайт.
Чыгармачылыкта чектөө болбош керек…
Биринчи жолу 2013-жылы “Көргүм келет” киносун тарткам. Анын сценарийин да Самат жазып, биргеликте жараткан алгачкы чыгармабыз болгон. Төрт жылдан кийин экинчи тасманы тарттык. Кино – кыйноо. Ар бир тасманын өзүнө жараша кыйынчылыктары болот. Мурда топтогон тажрыйбамды колдонуп, “Багаарды” тартуу бираз жеңил болду. Аз да болсо жылыш болгонуна ыраазы болдум. Чыгармачылыкта чектөө болбош керек. Себеби ар бир күндүн өзүнчө жаңылгы болот. Мен ыр ырдап, көркөм окуп да жүрөм. 2010-11-жылдары Нарын драма театрында иштем келгем. Өзүм актер болгон менен режиссёрлук кесипти аркалап, теартдан алыстап кеттим. Негизи теарт — адамдын жан дүйнөсү үчүн азык болуп берчү жер. Ошондуктан теартда иштеген күндөрүм көз алдымдан өтүп, сагынып турам. Азырынча кинодон кол бошобой жатат. Бирок теартга барып иштөө планымда бар. Үй-бүлөм бар. Бир кыздын атасымын. Өлкөдө тасмалардын тартылып жатканы жакшы белги. Ар ким өз көз карашына жараша кино тартат. Аны эл таразалап, сындайт. Көрүүчүлөрдүн талабы бар экени өзү эле ийгиликке жетелейт.