Биз менен байланышыңыз

Мыйзамсыз кирген унааларды чиновниктер ташып турганбы?

Саясат | 18 Июн 2018 | 1553 | 0

Кыргызстанда өлкө аймагына кымбат унааларды алып кирүүнүн коррупциялык схемасы ачыкталды.  Бул маалыматты  Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы билдирет.

1-июнь күнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Кыргызстанга 2010-жылы чыккан Lexus RX 350 үлгүсүндөгү унаа аткезчилик жол менен киргенин аныкташты. Унаа Кыргызстанга 2017-жылы алып келинип, жасалма документ менен унаанын өзү жок туруп Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында каттоого алынган. Мамлекетке келтирилген чыгымдар тууралуу аталган кызматтын басма сөз катчысы Анастасия Пискул кабарлады.

«Унаа  1-июнда кармалды. Мыйзамсыз алып келүүнүн натыйжасында мамлекет 1 миллион 455 миң сомдук чыгым тарткан. Андан кийин унаа кылмыштын изин жашыруу үчүн бир нече ирет кайра катталган. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Аткезчилик», жана  «Документтерди жасалмалоо» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Ошондой эле Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы  кылмыш иштерин иликтөөнүн натыйжасында  дагы 120 автоунаа камалганын маалымдады.

Өлкөгө кире элек жатып,  унаанын чет өлкөдө катталып, өлкөгө кириши  бир гана каттоо кызматы тараптан жасалышы мүмкүн эмес. Ошондуктан бул жерде чек ара, бажы кызматтарынын жоопкерчилигин тең кароого Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мэлис Эржигитов чакырды.

Бул комплекстүү маселе. Бул жалгыз каттоо кызматы тараптан жасала турган жумуш эмес. Ошондуктан кылмыш ишин козгоп, аягына чыгарууда тийиштүү органдардын ишин комплекстүү караш керек. Ал жерде чек ара, бажы  жана каттоо кызматынын орду кандай экени тең салмактуу каралууга тийиш. Бул жерде бир гана каттоо кызматынын кызматкерлери күнөөлүү деген субьективдүү маалымат. Ошондуктан иликтөө толук ачыкталышы керек. Ал үчүн унааны ушул киши алып кирген деген маалымат берилсин.

Жогорку кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү Улугбек Ормонов  болсо, коррупциялык иште чоң кызматтагы чиновниктердин тийиштиги бар деп билет. Себеби чоң мыйзамсыз иштерди аймактагы бир бөлүмдүн жасашы реалду эмес.

Бул мыйзамсыз ишке чоң кызмат адамдарынын аралашканы байкалып турат.  Өзгөчө укук коргоо органдарынан жана транспорттуу каттоо системасынан.  Ансыз мындай масштабтагы иштер жөндөн-жөн боло бербейт. Былтыртан баштап комитетте ушул сындуу маселелер боюнча бир топ суроолорду бергенбиз. Мыйзамсыз иштерди кимдер кылып жүргөнү боюнча ачык маалымат беришкен эмес. Ошондуктан унаа келип жаткан мамлекеттин камсыздандыруу компаниялары менен келишим түзүп коюу керек.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Эрлан Сапарбаев мыйзамсыз иштерге жол бербөө үчүн каттоо кызматында жасалышы керек болгон негизги иштерди атады. Ал үчүн биринчи кезекте бириктүү маалыматтык базаны түзүү болсо, экинчиси мыйзамды бузгандарга  көрүлгөн чараны күчөтүү турганын Маралга айтып берди.

Бул жерде биринчи кезекте  Улуттук бирдиктүү маалымат системасы түзүлүп чыгышы керек. Ал акылдуу шаар же коопсуз шаардын негизги өзөгү болот. Мында жогоруда айтылган кызмат дагы бири-бирине айкалышып турат. Эми бул система ишке ашмайын мындай көрүнүштөр боло берет. Экинчиден жоопкерчиликке тартуу  маселеси турат. Мыйзамды бузган жаран күнөөсүн мойну менен тартыш керек.  

Кармалган унаалардын 25и жүк ташуучу, дагы 25и кымбат баалуу жол тандабас унаалар.

Бул унааларды мыйзамсыз алып келүү схемасы төмөнкүдөй жасалган. Маселен  алгач унаа АКШ же Чыгыш Европадан сатылып алынат. Андан соң, ал жактагы адам Кыргызстандагы шеригине автоунаа тууралуу маалыматтарды: кымбат унаанын маркасын, кузов номурун, түсү, чыккан жылы жана кыймылдаткычынын көлөмү тууралуу так маалыматтарды жөнөтүп турган. Анын негизинде жасалма документ камдалып, океандын ары жагына жөнөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM