Биз менен байланышыңыз

Учкунда ичүүчү суунун айынан бөйрөк оорулары көп

Айылдан сүйлөйбүз | 28 мая 2018 | 2563 | 0

«Марал» радиосунун «Айылдан сүйлөйбүз» программасынын бул жолку чыгарылышында Нарын районуна караштуу Учкун айылынын көйгөйлүү маселеси талкууланды. Айыл тургундары таза суу жетишсиз экенин, таза суу чыгаруу боюнча демилге көтөрүлүп, ага бөлүнгөн акча жеке жактарга кетип калганын айтып кайрылышкан. Аймактын ушул жана башка маселелерин аймак жашоочуларынан билип көрдүк. Уктурууну Түмөнбай Абдинаби уулу алып барды.

Учкун айылынын тургуну Тажигүл Абдигазиева:

— Биздин айыл эки аймактан турат. Таза суу көйгөйү көптөн бери көйгөйлүү маселе. Уюмдар аркылуу чыгарылган таза суу лабораториялык текшерүүлөрдөн ичүүгө жараксыз деп табылган. Ден соолукка зыян экен.

Учкун айылынын жашоочусу Талант Рысбаев:

— СССР тараган соң түтүктөр бузулуп, таза суу чыкпай калган. Суу кошуна айылдан келчү. Түтүктөр жарылып, суу жетпей калды. 2005-жылдары бир долбоор менен суу чыгарышкан, бирок анысы да эки жылдан соң жарабай калды. Суунун сапаты начар болгондуктан элдин бөйрөгү ооруйт. Оорулуулар көп. Бул суу дагы жеткиликтүү эмес, мисалы мен бир жылдан бери 3 км алыстыктан ташып ичем. Саналуу жерлерден суу чыгат, ал да кээде токтоп калат. Өкмөттүн да күчү жетпей калды. Суу көйгөйү чоң. Айылда 6 жүздөй түтүн, 2 жарым миңдин тегерегинде калк бар. Жергиликтүү бийлик эки жакка чуркап, суу чыгарууга аракет кылып жатат. Эски долбоордун мөөнөтү бүткөндө гана кайра жаңы долбоор каралат экен. Аткаминерлер келип “суу чыгарып беребиз” дешет, бирок алардын айтканы убактылуу сөз. Эл таза сууну араба, колунда бары унаа менен ташып ичет.

Айылдык кеңештин депутаты Жээнкул Токсобаев:

— Аймактагы эн көйгөйлүү муктаждыктардын бири таза суу. Суу шор болгондуктан оорулар пайда болуп, эл таза сууга муктаж. Айыл өкмөт, айыл башчылар менен көйгөйлөрдү жогору жакка жеткирүүнүн аракетин кылып жатабыз. Өкмөткө кайрылуу жасаганбыз, алар 2019-жылга таза суу маселесин чечип беребиз деп жатышат. Таза суу көйгөйү чечилсе элдин ден соолугуна, балдарга да жакшы болмок. Азыр кошуна айылдан суу ташып ичебиз. Түтүктөр жарылып, ал суу да жетпейт. Ошондуктан кээде сайдан ичүүгө туура келип жатат. Мурунку долбоорго өздүк салым кошуп, азыркы чыгарчу жерден алсак жакшы болмок, басымы да күчтүү. Каражатка байланыштуу жакыныраак жерден алып койгонбуз. Алыс болсо да сырттан алып кирип алсак жеңил болмок экен. Биз анын баарын кеч түшүнүп жатабыз. Башкача айтканда, көп нерсеге кайдыгер мамиле кылып койгонбуз. Азыр эми баары киришип жатат. Дарыгерлер суунун зыяны көп тийип жатканын айтышат. Долбоорго жараша эл каражат чогултууга каршы эмес.

Учкун айылынын айыл башчысы Жумакадыр Исмаилов:

— Айыл 2003-жылы “АРИС” агенттигинин программасы менен таза сууга кошулган. Суу жараксыз абалга келип калды. Аны Бишкектен да текшертип келип, анализдерин алганбыз. Айыл боюнча бөйрөк оорулуулар көп. Ар кимге кат жазып, долбоорго кирүү боюнча аракет кылып жатабыз. Мурунку долбоорду сапаты жагынан кандай өткөрүп алышканын билбейм. Бирок аймактын калкынын саны дө өсүүдө. 63 диамертлик түтүк менен суу келет. Бул суу жетиштүу эмес. Биз таза суу көйгөйү чечилген айылдардын катарында турабыз. Өкмөткө кат жазып, болгон аракетибизди кылып жатабыз. Ушул жылы чукул аракет кылабыз деген жообун беришти, бирок канчалык чындыгы бар экенин айта албайм.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM