Connect with us

2024-жылы Элдик Курултайды өткөрүүгө 39,5 млн сом коротулган

Кыска кабар | 4 Янв 2025 | 268 | 0

Каржы министрлигинин сайтында жарыяланган маалыматтар боюнча, 2024-жылы Элдик Курултайды өткөрүүгө жана анын катчылыгын каржылоого 39 млн 500 миң сом коротулган.

2023-жылдын декабрь айынын аягында министрлер кабинетинин токтому менен туруктуу иш алып баруучу орган – «Элдик Курултайдын катчылыгы» түзүлүп, анын курамына жети кызматкер кирген.

2024-жыл үчүн республикалык бюджеттин долбооруна карата Финансы министрлигинин түшүндүрмө жазуусунда, аталган мекеменин негизги функцияларын аткарууга 8,9 миллион сом бөлүнгөнү көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, декабрда өткөн үчүнчү Элдик Курултайды даярдоого жана өткөрүүгө 30 миллион 672,3 миң сом сарпталган.

Жыйынтыгында, 2024-жылы Элдик курултайды өткөрүү Кыргызстандын бюджетине 39 миллион 500 миң сомго түшкөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM