Connect with us

2025-жылдан тарта Орусияда миграциялык мыйзамдар өзгөрөт

Кыска кабар | 28 Дек 2024 | 251 | 0

Тышкы иштер министрлиги 2025-жылдан тарта Орусияда жүргөн чет өлкөлүк жарандарга карата орусиянын мыйзамдарында бир катар маанилүү өзгөртүүлөр тууралуу эскертти.

Тышкы иштер министрлиги Орусияда жүргөн Кыргызстандын жарандарын Орусиянын тиешелүү мамлекеттик органдарына кайрылып, өздөрүнүн укутук абалын мыйзамдаштырууга чакырат.

Маалыматка караганда, 2025-жылдын 1-январынан тартып чет өлкөлүк жарандардын Орусияда убактылуу жүрүү мөөнөтү 180 күндөн 90 күнгө кыскарат. Бул ченемдер тиешелүү уруксаттарды (РВП, жашоого уруксат, эмгек же жарандык-укуктук келишим) албастан Орусиянын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарга карата колдонулат.

Ошондой эле, 2025-жылдын 5-февралынан тарта Орусияда жаңы укутук режим күчүнө кирери айтылган. Анда Орусиянын аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгарылат. Өлкөнүн ички иштер органдары (соттор менен бирге) чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузууларды жасаганы үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот.

Орусияда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жаран тиешелүү мамлекеттик органдардын реестрине катталып, көзөмөлдө болот.

  • эгерде ага келүү жөнүндө буйрук берилген (жөнөтүлгөн) болсо, ички иштер органынын кызмат адамына белгиленген мөөнөттө келүүгө;
  • белгиленген талаптарды өз убагында аткарууга, тыюу салууларды жана чектөөлөрдү сактоого;
  • Орусиянын ички иштер органдарына өлкөдөн качан чыгаарын, орду жана маршруту жөнүндө билдирүүгө же болбосо жашаган жери өзгөргөн болсо, өзгөрткөндүгү тууралуу билдирүүгө тийиш.

Көрсөтүлгөн реестрге киргизилген учурдан тартып контролдонуучу адамга да чектөө чаралары колдонулат:

  • ички иштер органынын уруксатысыз Россия Федерациясында жашаган жерин же жүргөн жерин өзгөртүүгө тыюу салуу;
  • чет өлкөлүк жаран жашаган (болгон) Орусиянын субъектинин же муниципалитеттин аймагынан тышкары чыгууга тыюу салуу;
  • транспорт каражаттарын башкаруу укугун чектөө жана Россиянын улуттук же эл аралык айдоочулук күбөлүгүн берүүдө (алмаштырууда, алмаштырууда) транспорт каражаттарын башкаруу укугуна экзамендерди тапшыруусунан баш тартуу;
  • кыймылсыз мүлктү, транспорт каражаттарын жана өзү жүрүүчү машиналарды алууга же ээликтен ажыратууга тыюу салуу, ошондой эле бул мүлктү мамлекеттик органдарда каттоого тыюу салуу;
  • никеге турууга тыюу салуу;
  • юридикалык жакты түзүүгө, жеке ишкер катары каттоого тыюу салуу;
  • Орусиянын мыйзамдарында белгиленген милдеттүү төлөмдөрдү төлөө максатында акча которууларды кошпогондо, банк эсебин ачуудан жана башка банктык операцияларды жүргүзүүдөн, ошондой эле контролго алынган адамдын эсебине акча каражаттарын которуу жана контролго алынуучу адамга айына 30 миң рублдан ашык эмес өлчөмдө накталай акча каражаттарын берүүдөн баш тартуу;

Көзөмөлгө алынган адамга карата белгиленген милдеттерди бир нече жолу (эки же андан көп жолу) аткарбаган учурда депортациялоо жана атайын мекемеге жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алынат.

Рамий маалыматтарга карата, Орусияда 300 миңден ашуун жараны бар.

Орусиянын билим берүүнү көзөмөлдөө башкармалыгы Орусияда эмгектенген мигранттардын балдарынын орус тилин билүүсүнө методикалык материалдарды жана тестирлөө системаларын даярдоону аяктап жатканын вице-премьер-министр Дмитрий Чернышенко билдирди. Тесттин өзү 2025-жылдын 1-апрелинде башталышы пландалып жатканын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM