Connect with us

Аба ырайы: Эртең да күн ачык болот

Кыска кабар | 25 Дек 2024 | 145 | 0
Сүрөт: Влад Ушаков

Кыргызгидромет билдиргендей, 26-декабрга өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир жерлерге туман түшөт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгалак болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз +3…+8,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз +2…+7,

Баткенде түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…-8, күндүз +3…+8,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз +1…+6,

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -3…-8.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз +5…+7 градус жылуу.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM