Connect with us

Кыргызстан мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча 70-орунга түштү

Кыска кабар | 13 Дек 2024 | 398 | 0

Кыргызстан мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча рейтингде 111 өлкөнүн ичинен 70 орунду ээледи. Бул октябрь айына карата статистиканы Speedtest Global Index сервиси жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, Кыргызстанда мобилдик интернеттин көчүрүү ылдамдыгы орточо 39.97 Мбит/с, ал эми берүү ылдамдыгы — 12.41 Мбит/с. Бул көрсөткүч андан мурунку айларга салыштырмалуу дагы 4 позицияга төмөндөгөнүн билдирет.

Мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча алдыңкы үчтүктө төмөнкү өлкөлөр:

  • БАЭ — 428,53 Мбит/с;
  • Катар — 356,74 Мбит/с;
  • Кувейт — 258,51 Мбит/с.

Ал эми эң төмөн көрсөткүч Ооганстанда байкалды. Анда көчүрүү ылдамдыгы болгону 8,54 Мбит/с.

Copyright © 2017 Maral FM