Connect with us

Президент: Жакында социалдык стационардык мекемелер жаңыланат

Кыска кабар | 3 Дек 2024 | 150 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата кайрылуусунда социалдык стационардык мекемелерди жакшыртуу, жаңылоо пландалып жатканын айтты.

2030-жылга чейин кабыл алынган “Жеткиликтүү өлкө” программасынын алкагында белгиленген ыңгайлуу инфратүзүм түзүү, медициналык-социалдык экспертизаны өнүктүрүү, реабилитация жана абилитация системасын өркүндөтүү, инклюзивдүү билим берүү жана жумуш орундары менен камсыз кылуу жаатында чаралар ишке ашарын билдирди.

Президент өзгөчө камкордукка муктаж жарандарды коомдук жашоого толук аралаштыруу жана алардын турмуш шарттарын жакшыртуу өлкөнүн эң башкы мүдөөлөрүнүн бири экенин белгиледи.

“Майыптыгы бар жарандар коомдун ажырагыс бөлүгү катары спортто, маданиятта, мамлекеттик кызматтарда жана башка тармактарда көптөгөн бийиктиктерге жетишип, өлкөнү өнүктүрүүгө салымдарын кошуп келишүүдө. Алардын эмгекчилдиги, эрки күчтүүлүгү көптөгөн адамдарга үлгү болуу менен шык-дем берүүдө. Ошону менен катар эле мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, социалдык тармактар аркылуу тажрыйбалары менен бөлүшүп, адамдарды тартынуу, өзүнө ишенбөө, күмөн саноо сыяктуу сапаттардан арылууга үндөп келишет. Мындай руху күчтүү жарандарыбыз Жараткандын берген сыноосуна сынып калбай, тескерисинче, алдыга умтулууга түрткү болушууда”, — деди өлкө башчы.

Copyright © 2017 Maral FM