Connect with us

АЭУда «Бизнес-Хакатон-2024» өттү

Кыска кабар | 3 Дек 2024 | 92 | 0

АЭУнун Менеджмент кафедрасы 40 жаш таланттардын командасын жана 20дан ашык алдыңкы компанияларды бириктирген «Business Case 2024» хакатонун өткөрдү. Катышуучулар атаандаштык чөйрөдө өздөрүнүн көндүмдөрүн жана креативдүү ыкмаларын колдонуу менен компаниялар берген реалдуу бизнес-кейстерди чечишти.

Иш-чараны колдогон компаниялардын арасында: Бакай Банк, Partner Neft, Яндекс Go, Макси Чай, Geeks, Ololo, Риха, Eco Suu, Твой Заряд, Абдыш Ата, Practicum, Kettik, iHub Academy, SunRent, Туран жана Ulush болушту.

Бакай Банк жана Partner Neft өзгөчө колдоо көрсөтүштү. Буга байланыштуу байге фонду эки эсе көбөйүп, катышуучулар үчүн кошумча стимул болду. Мелдештин жыйынтыгында мыкты 12 команда финалга чыгып, өз чечимдерин кесипкөй калыстар тобунун алдында сунушташты.

Хакатон бизнес көндүмдөрүн өнүктүрүү, жаштар менен алдыңкы компаниялардын ортосундагы байланышты чыңдоо, ошондой эле чыныгы бизнес үчүн инновациялык идеяларды жаратуу үчүн мыкты платформа болду. 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM