Улуттук Гвардиянын 10126 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан Эрик Шаршенбаевдин сабалганы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы аскердин жаракатын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындады.
Аскер кызматкери Улуттук госпиталдын нефрология бөлүмүнө “острый гломеруонефрит, нефрологический синдром” диагнозу менен жаткырылган.
Учурда бул окуя боюнча тиешелүү тергөөгө чейинки текшерүү амалдары Аскер прокурорунун жеке көзөмөлүндө улантылууда, анын жыйынтыгы менен күнөөлүү кызматкерлердин кыймыл-аракеттерине Кылмыш жаза кодексине ылайык юридикалык баа берилет.