Connect with us

Бишкекте синтетикалык баңгизат саткан өспүрүм кармалды 

Кыска кабар | 22 Ноя 2024 | 69 | 0

Бишкекте синтетикалык баңгизат саткан өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына «А» аттуу жаш жигит Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында «Телеграм» социалдык тармагы аркылуу синтетикалык баңгизаттарды таратуу менен алектенип жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

Бишкек шаарында тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү учурунда кылмышка шектүү катары 2006-жылы туулган А.А.М. аттуу жаран кармалган. Жеке тинтүү учурунда кармалган жарандын кара барсеткасынан скотч менен оролгон 16 даана брикет табылып, алынган, андан кийин баңгизаттарды кайсы жерге катып жатканын көрсөткөн. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык алынган заттар синтетикалык «Альфа — ПВП» баңгизаты болгон.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган «Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо» кылмыштын белгилери каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча атайын тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM