«Социал демократтар» партиясынын төрагасы, талапкер Темирлан Султанбеков 12 саттан бери дайынсыз болуп жатканын дагы бир талапкер Кадыр Атамбаев айтты.
Султанбековго жактоочусу да, жакындары да жолуга албай жатканы айтылды.
«12 сааттан бери Темирлан Султанбековдун ата-энеси жана жактоочусу ага байланыша албай жатышат. Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлери маалымат бербей жатат. Бул жагдай Султанбековдун жакындарын тынчсыздандыруда. Укук коргоо органдары Темирлан Султанбековду жактоочусу жана ата-энеси менен байланыштырышын өтүнөм, бул анын мыйзамдуу укугу» , — деди Кадыр Атамбаев. Анын видеосу фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы маалымат бере элек.
13-ноябрдын кечинде «Социал демократтар» партиясынын штабында тинтүү жүргүзүлүп, партия лидери Темирлан Султанбеков суракка алынып келинген.
Бишкек шаардык милициясы социалдык түйүндөрдө аудиожазуу пайда болгондон кийин Кылмыш-жаза кодексинин «Добуштарды сатып алуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.
Анын алкагында, «Социал демократтардын» штаб башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын расмий өкүлү Роза Турксевер кармалган.