Connect with us

«Социал демократтар» партиясынын мүчөсү Ирина Карамушкина кармалды

Кыска кабар | 14 Ноя 2024 | 280 | 0

«Социал-демократтар» саясий партиясынын мүчөсү, мурдагы депутат Ирина Карамушкина жана партиянын расмий өкүлү Т.Р. аттуу жаран кармалды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгыган катарлашты.

Алар милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Маалыматта партиянын расмий өкүлү жана партиянын шайлоо штабынын координатору макулдашып, добуш сатып алууга аракет кылышканы айтылат. «Ар бир добуш үчүн 1 миң сомдон акча которуу жолу менен шайлоочуларды сатып алган», — деп белгилейт ИИМ.

Штабды тинтүү учурунда алынган документтер менен жогоруда айтылган факты тастыкталып, Т.Р аттуу жаран добуштарды сатып алуу үчүн 40тан ашык адамга 15 миң сомдон 30 миң сомго чейин акча тараткан жазууларды жок кылууга аракет кылганы кабарланды.

13-ноябрдын кечинде «Социал демократтар» саясий партиясынын штабында тинтүү жүргүзүлүп, партия лидери Темирлан Султанбеков суракка алынып келинген.

Партия мүчөсү Ирина Карамушкина Фейсбуктагы баракчасына штабга тергөө тобу келгенин жазды. Кийинчерээк ал да суракка алынган.

Бишкек шаардык милициясы социалдык түйүндөрдө аудиожазуу пайда болгондон кийин Кылмыш-жаза кодексинин «Добуштарды сатып алуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Кыргызстанда 17-ноябрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM