Connect with us

Башкы прокурордун мурдагы орун басары кармалды

Кыска кабар | 12 Ноя 2024 | 184 | 0

Башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу кармалганы белгилүү болду. Ал Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кийинки жылдын 10-январына чейин камакка алынды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, башпрокурордун мурдагы орун басары Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандык”, “Уюшкан топ түзүү же ага катышуу”, “Уюшкан топторду жана кылмыштуу топторду каржылоо” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери боюнча айыпталууда.

Кубан Адыл уулу 2021-жылы башкы прокурордун орун басары болуп дайындалган, бул кызматынан быйыл апрелде бошотулган.

Ага чейин өлкө башчы мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевге, мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM