Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жаштар күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 10 Ноя 2024 | 120 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, кыргызстандыктарды Жаштар күнү менен куттуктады. Анда өлкө башчы Кыргызстандын калкынын 35 %га жакынын жаштар түзөрүн айтып, жаштар мамлекеттин өнүгүшүнө зор салым кошуп жатканын белгилеген.

«Биздин Баш мыйзамыбыз жаштардын руханий, маданий, адеп-ахлак жана дене боюнун түзүлүшү жагынан өнүгүүсүнө кепилдик берет. Мамлекет тарабынан жаштарды колдоо, потенциалын өнүктүрүү багытында бардык аракеттер көрүлүүдө. «Жаштар жөнүндө» мыйзамды ишке ашыруунун алкагында «Жаштардын ыктыярчылык ишин жүргүзүүнүн, дем берүүнүн жана сыйлоонун тартиби жөнүндө жобонун», «Кыргыз Республикасынын жаштар кыймылы жөнүндө жобонун» жана башка мыйзам алдындагы актылардын негизинде бир катар иш-аракеттер көрүлүүдө. Маселен, жаштардын шайлоолорго катышуусун камсыздоо, алардын шайлоо процесстериндеги пассивдүүлүгүн алдын алууга багытталган «Катыш. Танда. Шайла» долбоору ишке ашырылууда», — деди президент.

Copyright © 2017 Maral FM