Биз менен байланышыңыз

Активист Актилек Орозбеков 1-январга чейин камакка алынды

Кыска кабар | 4 Ноя 2024 | 114 | 0

Бишкектин Биринчи Май райондук соту активист Айтилек Орозбековдун бөгөт чарасын карап, 2025- жылдын 1-январына чейин абакта калтырды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Райондук сот Айтилек Орозбековдун бөгөт чарасын 2-ноябрда карап, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, абакта калтырган.

Аны 2-ноябрда УКМК тарабынан кармалганы маалым болгон. Ал Кылмыш-жаза кодексинин «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту «жалпыга маалымдоо каражаттарын же маалыматтык-коммуникациялык тарамдарды колдонуу менен» айыпталууда.

Copyright © 2017 Maral FM