Биз менен байланышыңыз

Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активистке 70 миң сом айып салынды

Кыска кабар | 1 Ноя 2024 | 78 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Бишкектин Ленин райондук соту 1-ноябрдагы отурумда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыккан активист Афтандил Жоробековдун ишин карап, ага карата өкүм чыгарды.

Жактоочу Нурбек Сыдыковдун маалыматына караганда, райондук сот активистти күнөөлүү деп таап, мамлекеттин пайдасына 70 миң сом айып төлөөгө милдеттендирди.

Афтандил Жоробеков Кыргызстандын желегин өзгөртүүгө каршы чыгып, 2023-жылы 7-декабрда кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (массалык башаламандык) менен айыпталган. Кийин ага коюлган айып «бийликти басып алууга ачык чакырык жасаган» деген беренеге алмаштырылган.

Быйыл 15-июнда Бишкектин Свердлов райондук соту Афтандил Жоробековду үй камагына чыгарган.

Жогорку Кеңеш былтыр 20-декабрда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамды кабыл алып, документ 22-декабрда күчүнө кирген. Кыргызстандын мамлекеттик туусу өзгөртүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM