Биз менен байланышыңыз

Бишкекте картошка фри чыгарган ишкана продукциясын Алматыга экспорттойт

Кыска кабар | 8 Окт 2024 | 92 | 0

Бишкек шаарындагы тоңдурулган картошка фри чыгарган ишкана жакын арада продукциясын Казакстандын Алматы шаарына экспорттоону пландап жатат.

Бул тууралуу ишканада Суу ресурсатары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев өткөргөн көчмө жыйында белгилүү болду.

Министрликтин маалыматына караганда, учурда картошка фри чыгарган ишкананын кубаттуулугу саатына 300 кг түзсө, жакынкы келечекте аны эки эсеге көбөйтүү мерчемделген.

Компания 2022-жылдан тарта тоңдурулган картошка фри чыгаруучу линияны ишке киргизген. Картошка көбүнесе Нарын жана Ысык-Көл облсунун дыйкандарынан сатып алынат.

Өндүрүштү ишке киргизүү үчүн жабдыктар чет өлкөдөн алып келинген.

Компания кошумча өндүрүш жабдууларын сатып алууда пайыздык өлчөмү жогору болгон коммерциялык насыя алынгандыгын жана бул түйшүк жаратып жаткандыгын билдирди.

Көчмө жыйында насыяны төлөө мөөнөтүн узартуу, анын пайыздык өлчөмүн азайтуу боюнча механизмдерди карап чыгуу үчүн министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнө тапшырмалар берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM