Биз менен байланышыңыз

«Күнүнө 100 тонна». Чүйдөгү шире чыгаруучу завод жаңыланды

Кыска кабар | 7 Окт 2024 | 141 | 0

Чүй облусундагы «Экопродукт Азия» ишканасы модернизацияланып, жаңы жабдыктар алынды. Ишкананын кубаттуулугу күнүнө 30 тоннадан 100 тоннага чейин көбөйүп, өндүрүмдүүлүк 3,5 эсе жогорулады.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышып келгенин аталган министрликтен кабарлашты.

Ишкана шире чыгара турган алдыңкы компания. Он бир жылдан бери 800дөн ашык дыйкан-фермер менен кызматташып келет. Шопоков шаарындагы 2300 чарчы метр аянтты ээлеген завод Tetra Pakтын заманбап европалык технологиялары менен жабдылган. Анда Кыргызстандын бардык аймактарынан келген алма, алмурут, сабиз жана башка жемиштер кайра иштетилет.

Заводдо 3 литрден 220 литрге чейинки баштыктарга сок куюучу жаңы асептикалык жабдыктар дагы орнотулган. Компания жемиштерден калган калдыктардан пюре даярдоону пландаштырууда. Бул чийки затты 100% кайра иштетип, таштандысыз өндүрүшкө өтүүгө мүмкүндүк берет.

«Экопродукт Азиянын» продукциялары ISO 22000:2018, «Адал» стандарттары боюнча сертификацияланган. Учурда анын продукциялары Кыргызстанда сатылып, Казакстан менен Өзбекстанга экспорттолот. Көчмө жыйындын жүрүшүндө компаниянын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, Орусия менен Кытай рыногуна чыгууга ар тараптуу көмөктөшүү боюнча министрликтин бөлүмдөрүнө тапшырма берилди.

Copyright © 2017 Maral FM