Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Катардан келген дарыгерлер угуусу начар балдарга операция жасашат

Кыска кабар | 26 Окт 2024 | 55 | 0

Кыргызстанда Катардан келген дарыгерлер угуусу начар балдарга операция жасашат. Бул тууралу Саламаттык сактоо министри Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барганда айтылды.

Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда болуп, угуусу начар балдарга жасалып жаткан операциялардын жүрүшү менен таанышты.

Катар мамлекетинен профессор Абдулсалам Аль-Кахтани жетектеген хирургдар тобу кохлеардык имплантация боюнча операцияларды жасоо үчүн келишкен.

Бир жуманын ичинде 50гө жакын балага операция жасалат. Мурда кол коюлган меморандумга ылайык, Катардын өкмөтү кайрымдуулук жана ислам иштери министрлиги аркылуу бардык зарыл финансылык чыгымдарды, анын ичинде кохлеардык имплант системасын камсыз кылууну, ошондой эле операциядан кийин балдарды реабилитациялоого байланышкан чыгымдарды өз мойнуна алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM