Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Орусиядагы миграция борборунун филиалын ачуу маселеси талкууланды

Кыска кабар | 26 Окт 2024 | 63 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Москва шаарындагы «Көп функционалдуу миграциялык борбор» мамлекеттик бюджеттик мекемесинин жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө аталган мекеменин Кыргызстанда филиалын ачуу маселеси талкууланды.

«Филиалдын ачылышы жарандарга Орусиянын аймагына киргенге чейин зарыл процедуралардан алдын ала өтүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, биздин өлкөнүн саясаты чет өлкөлөрдө легалдаштырылган ишке орноштурууга багытталган», — деп белгиледи Жылдыз Полотова.

Министр ошондой эле Эмгек министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүндө жарандарды жеке кабыл алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM