Биз менен байланышыңыз

Ташиев Жалал-Абаддагы мектептен кабар алды

Кыска кабар | 26 Окт 2024 | 66 | 0

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарындагы Сатыбалды Давлетов атындагы №14 инновациялык мектеп лицейине барды.

Мектепте учурда 2570 окуучу билим алат. Бирок мектеп 520 балага ылайыкташкан. Анда спорт залы, жыйындар залы, ашканасы жана спорт аянтчасы дагы каралган эмес.

Камчыбек Ташиев мектепке кошумча жаңы 4 кабаттуу окуу корпусу, спорт залы жана спорт аянтчасы курууну тапшырды.

Мектепке жакын жайгашкан, буга чейин жеке тараптарга өтүп кеткен 50 сотых жер тилкеси УКМК тарабынан мамлекетке кайтарылган. Ошол жер тилкесине эми мектептин имараты жана башка окуучулар үчүн керектүү жайлар курулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM