Биз менен байланышыңыз

Он бир журналисттин иши: Отурум 10-октябрга жылдырылды

Кыска кабар | 3 Окт 2024 | 143 | 0

Темиров Live басылмасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин иши боюнча сот отуруму 10-октябрга жылдырылды. Бул тууралуу бүгүнкү отурумда белгилүү болду.

Кийинки соттук отурумда айыпталуучуларга акыркы сөз берилип, өкүм чыгарылышы күтүлүүдө.

4-сентябрда Бишкек шаардык соту «Темиров Live» медиасынын төрт журналисти Махабат Тажибек кызы, Актилек Капаров, Айке Бейшекеева, Азамат Ишенбековдун баш коргоо чарасын карап, камакта калтырган.

Айыпталуучулардын адвокаттары буга чейин Ленин райондук сотунун чечимине каршы апелляциялык арыз менен кайрылып, журналисттердин бөгөт чарасын кайра карап берүүнү суранышкан.

Шаардык соттун судьясы өтүнүчтү канааттандырбай, төрт журналист 8-октябрга чейин тергөө абагында калтырлган.

Быйыл 16-январда «Айт, айт десе», «Темиров LIVE» долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүрүп, суракка алынган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айып тагылган.

Камакка алынган он бир журналисттин жетөө үй камагына чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM