Биз менен байланышыңыз

Бычакталган Рахима Айкымбаеванын өлүмү боюнча сот өкүм чыгарды

Кыска кабар | 24 Окт 2024 | 186 | 0

Бишкектин Биринчи май райондук соту 34 жаштагы Рахима Айкымбаеванын өлүмүнө байланыштуу ишти карап, өкүм чыгарды. Бул тууралуу «Маралга» Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Рахима Айкымбаеванын жолдошу Каныбек Байсалов Кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пунктунда көрсөтүлгөн «Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмышты жасоодо күнөөлүү деп табылды. Сот анын мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркиндигинен ажыратып, жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөнү белгилеген.

Ошондой эле сот жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн арызы жарым-жартылай канааттандырып, анын пайдасына айыпталуучудан 300 миң сом моралдык зыян төлөөгө милденттендирилди.

Рахима Айкымбаева ушул жылы 4-апрелге караган түнү Бишкетин четинде өзү жашаган үйдө бир нече жолу бычак жеп, мыкаачылык менен 33 жаштагы күйөөсү тарабынан өлтүрүлгөн. Маркумдун артында үч баласы калды.

Copyright © 2017 Maral FM