Биз менен байланышыңыз

Парламентте Бишкектеги ЖОЖдордогу окуу графиги боюнча маселе көтөрүлдү

Кыска кабар | 24 Окт 2024 | 132 | 0

Бишкектеги Жогорку окуу жайларда сабактардын графиги боюнча студенттер нааразы болуп жатат. Бул тууралуу парламенттин 24- октябрдагы жыйынында Аида Исатбек кызы маселе көтөрдү.

Ал бул маселени бир канча ирээт көтөргөнүн, бирок эч кандай жыйынтык болбой жаткандыгын айтты.

Исатбек кызынын айтымында, Бишкек шаарындагы тыгынды азайтуу максатында ЖОЖдордогу сабактардын башталуу граифи өзгөргөнү менен эч кандай жыйынтык болгон жок.

«Бүгүнкү күндө жогорку окуу жайларда эртең менен окуган студенттердин сабактары саат 10:00до башталат. Түштөн кийин окугандардын сабагы 14:30да башталат. Төрт пара бүткөнчө саат 20:30 болуп кетет экен. Алар сабактан чыгып, үйгө жеткенче бир топ убакыт өтөт. Чынын айтканда, биз студенттерди өгөй баладай эле нары-бери түрткүлөп, бир нерсеге сыноо кылганда студенттерди колдонобуз. Жогорку окуу жайлардагы сабактардын убактысын жылдырып көрдүк, бирок эч кандай жылыш болгон жок. Эмне үчүн Билим берүү министрлиги бул маселени көтөрбөйт, эмне үчүн чечпейт? Азыр күз мезгилинде күн кыскарып, түн узарып жатат. Студенттер деле биздей адам да, алардын да оокаты бар. Алар да үйлөрүнө эртерээк жетүүсү керек», — деди депутат.

Бишкек шаардык мэриясы шаардагы тыгын маселесин жөнгө салуу үчүн бир катар чечимдер кабыл алынган. Мэриянын маалыматына караганда, 44 мектепте сабак 7.30да, жогорку окуу жайларда саат 10до башталып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM