Биз менен байланышыңыз

Асланайым Аширова мамлекеттик цирктин жетекчиси болуп дайындалды

Кыска кабар | 23 Окт 2024 | 497 | 0

Асланайым Аширова Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Жамаатка жаңы жетекчини маданият министри Алтынбек Максутов тааныштырды.

Ал эми цирктин мурдагы директору Рыскул Боромбаев башка кызматка кетип жаткандыгына байланыштуу өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду.

Асланайым Аширова бүгүнкү күнгө чейин аталган циркте көркөм жетекчи кызматында эмгектенип келген.

Быйыл Кыргыз мамлекеттик циркинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Маалыматка караганда, цирктин ачылышы үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында маданият кызматкерлеринин күнүнө карата пландалууда.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын июль айында мамлекеттик цирктин имаратынын абалы, жумушчулардын эмгек шарттары менен таанышып, оңдоону тапшырган.

Учурда цирктин жалпы штаттык бирдигинде 180ден ашуун кызматкер эмгектенет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM