Биз менен байланышыңыз

ЖКда Бишкекте курулуп жаткан үйлөрдүн баасы кымбат болуп жатканы айтылды

Кыска кабар | 17 Окт 2024 | 288 | 0

Бишкек шаарында жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн чарчы метри кымбат болуп жатат. Бул тууралуу парламенттин, 17-октябрдагы жыйынында депутат Эрнист Айдаралиев айтты.

Ал жакында Москва шаарында мигранттар менен жолукканын, алар Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн чарчы метри кымбат болуп жатканын айтышканын айтты.

«Москвада мигранттар менен жолуктум, алардын негизги көйгөлөрүнүн бири Кыргызстандагы батирлердин чарчы метрнин кымбат болуп жатканын айтышты. Алар «Кыргызстанга барып үй ала албай калдык», — деп жатат. Бишкекте батирлердин бир чарчы метри 1000 доллардан, 1  500,   1 700 долларга чейин сатылып жатат. Бул эл үчүн кымбат жана эң негизги орчундуу маселелердин бири. Мындан бир, эки жыл мурда батирлердин бир чарчы метри 600, 700 доллардан сатылган».

Депутат аталаган маселени көзөмөлгө алуу зарылдыгын жана тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берүү керектигин айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM