Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда PISA программасына катышууга даярдыктар башталды

Кыска кабар | 17 Сен 2024 | 115 | 0

Кыргызстанда PISA программасына катышууга даярдыктар башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

16-сентябрдан 15-октябрга чейин PISA инструменттери жана процедуралары тестирлөөдөн өткөрүлөт. Изилдөөгө тандалган мектептерден 3100 окуучу катышат. Республика боюнча 66 мектептин окуучусу пилоттук тестирлөөдөн өтөөрү мурда маалымдалган.

Кезектеги PISA билим берүүнүн сапатын эл аралык изилдөөнүн негизги этабы 2025-жылы өтөт. PISA изилдөөсүнө катышуу окуучулардын билим деңгээлин жана көндүмдөрүн башка өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү менен салыштырууга мүмкүндүк берет.

PISA-2025 изилдөөсүндөгү жыйынтык Кыргызстанда мектептеги билим берүүнү өнүктүрүү багыты, реформалардын натыйжалуулугуна баа берүү болуп калат. Натыйжаларды талдоо окутуунун сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Кыргызстан эл аралык PISA сынагына катышат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM