Биз менен байланышыңыз

Футбол: Үч миңдей милиция кызматкери коопсуздукту көзөмөлдөйт

Кыска кабар , Спорт | 9 Сен 2024 | 212 | 0
Кыргызстан-Иран оюну, 2024-жыл, 6-сентябрь

Бишкекте 10-сентябрда өтө турган футбол боюнча Кыргызстан – Өзбекстан оюну учурунда 3 миңдей милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Оюн 10-сентябрда кечки саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот. Футбол күйөрмандары стадионго кирерде коопсуздук чараларынын алкагында текшерүүдөн өтүшөт. Мындан улам кезек пайда болушу мүмкүн, стадионго эки саат эрте баруу сунушталат. Ошондой эле стадиондун аймагына айнек жана желим буюмдарды, пиротехникалык каражаттарды алып кирүүгө тыюу салынат.

Футбол 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагында өтүүдө.

5-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курма командасы Иран менен ойноп, 1:0гө жеңилген.

Улуттук курама команда «А» тайпасында жайгашкан. Анда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары бар.

Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат.

Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучу аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM